АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮШҮ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ЭКЕНДИГИН БААРЫБЫЗ СЕЗИП ТУРАБЫЗ”

  • 22.08.2022
  • 0
“Өлкө башчысы билим берүүнү эң маанилүү тармактардын бири катары белгилеп, өзгөчө көңүл бурууда. Биз дагы ошого жараша татыктуу иш алып баруунун үстүндө иштеп жатабыз. Өлкөнүн өнүгүшү билим берүүгө түздөн-түз байланыштуу экендигин баарыбыз сезип, аңдап турабыз”, — деп билдирди министр Алмазбек Бейшеналиев “Газпром Кыргызстан” мектебинде өткөн август кеңешмесинин секциялык иш-чараларынын ачылышында.
Бүгүн 2022-2023-окуу жылынын башталышына карата педагогика кызматкерлеринин август кеңешмесинин секциялык иш-чараларынын I бөлүгү өттү.
Секциялык иш-чараларда  11 багыт боюнча мастер-класстар жана окуу жылын уюштуруу боюнча нускамалык – методикалык консультациялар өткөрүлдү.
 Мугалимдердин республикалык салттуу конференциясы эртең 23-августта Кыргыз улуттук филармониясында болот. (КС)
АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮШҮ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ЭКЕНДИГИН БААРЫБЫЗ СЕЗИП ТУРАБЫЗ”
Бөлүшүү

Комментарийлер