Алмазбек БЕЙШЕНАЛИЕВ: “БИР ДАГЫ ОКУУЧУ МЕКТЕПТЕГИ ОН БИР ЖЫЛЫН ТЕККЕ КЕТИРБЕШИ КЕРЕК”

  • 22.10.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 21-октябрда райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрүп, кышка даярдык, билим берүү процессин реалдуу режимге өткөрүү, билим сапаты жана мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу сыяктуу бир катар орчундуу маселелерге токтолду. 

Алмазбек  БЕЙШЕНАЛИЕВ: “БИР ДАГЫ ОКУУЧУ МЕКТЕПТЕГИ ОН БИР ЖЫЛЫН ТЕККЕ КЕТИРБЕШИ КЕРЕК”

Министр ириде мектептерди 2-чейректе ачуу маселеси каралып жатканын, бирок, бул чечимди Билим берүү жана илим министрлиги жалгыз кабыл ала албай тургандыгын, өкмөткө атайын сунуш жөнөтүлгөндүгүн билдирди.

Учурда 1-6-класстардын окуучулары  окуп жаткан 160ка жакын мектеп бар. Алардын санын көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Албетте, бардык мектептерди бир убакта ача албайбыз. Акырындап оору жок же аз болгон аймактарды реалдуу режимге өткөрсөк деген тилегибиз бар. Бирок ал үчүн жергиликтүү бийликтин сунушу менен жергиликтүү санитардык-эпидемиологиялык кызматтын уруксаты болушу керек деген сунушту өкмөткө бердик. Оорунун экинчи толкуну катуу жүрүп жатканын дагы эске алышыбыз керек. Жетекчилер эмитеден 2-чейрекке мектептерди даярдай бергиле. Анткени биз азыр абдан жоопкерчиликтүү убакта турабыз. Covid эмес,  бир баланын мурду канаса дагы жоопкерчилик бизде болот. Ошондуктан ишти так аткаралык. Биз дагы Юнисеф сыяктуу уюмдардан колдоолорду алып, кээ бир мектептерди жабдуу боюнча иш-чараларды жүргүзөбүз, — дейт министр.

Министрлик Өкмөткө мугалимдерди жана техникалык кызматкерлерди эмдөө сунушун берди. Эгерде ал колдоо таап калса жана Саламаттыкты  сактоо министрлиги бул вакцианын ден соолукка зыяны жок деген жыйынтык берсе, анда жалпы педагогикалык курам жана техникалык кызматкерлер эмдөөдөн өтөт.

 

Мугалимдер жаңы технологияларды өздөштүрүшсүн

Аралыктан билим берүүгө өткөндөн бери бир топ мугалимдер Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институту тарабынан кесиптик чеберчилигин жогорулатып жатканы менен ал жетишсиз экендигине токтолгон министр, айрыкча, сабак өтүүдө жаңы технологияларды колдонуу жагынан мугалимдердин тажрыйбасы жетишсиз болуп жаткандыгын баса белгиледи.

  • Албетте, аралыктан билим берүүдө ички жана тышкы факторлор таасирин тийгизип жатат. Тышкы факторлор: телевизордун, гаджеттин жетишсиздиги, аймактардагы интернеттин сапатынын төмөндүгү министрликтен көз каранды эмес. Ал эми ички фактор — педагогдордон көз каранды. Сабак өтүүдө жаңыча мамиле кыла албай, түрдүү платформаларды колдоно албай жаткан мугалимдер бар. Муктаждыктарды ар бир жетекчи жергиликтүү деңгээлде жакшы билет. Ошондуктан жаңы технологияны өздөштүрө албагандарды ар бир мектеп аныктап, өзүнүн деңгээлинде мониторинг жүргүзүп, үйрөнө албай жаткандарга жардам бериши керек. Бул онлайн билим берүү эртең жай турмушка кайткан күнү дагы биздин жашообузда кала берет. Келечек баары бир ошол багытка баратат. Эртең, балким,  Бишкекке, Ошко келип квалификацияны жогорулатуу токтойт. Ошондуктан онлайн билим берүүдөгү технологияларды мугалимдерге жөндөм катары киргизип, үйрөтүү биздин негизги приоритет болушу керек, — дейт Алмазбек Бейшеналиевич.

 

Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл

Министр жетекчилерге аралыктан билим берүүдө кайтарым байланышты жакшыртуу, ата-энелер менен окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын дагы берди. Анткени сабак окутуп жатып балдарын урган же баласын окута албай бири-бири менен урушкан ата-энелер дагы көп болууда. Андыктан мугалимдер ар бир ата-эне менен жакындан сүйлөшүп, аларды сабырдуулукка чакырып турушу керек.

 

Билим берүү тармагы жаңыланат

Министр бардык жетекчилерди ийкемдүү болууга, ыкчам иштөөгө, ар бир коюлган маселени жеринде чечүүгө, коомдогу болуп жаткан окуяларды талдай билүүгө чакырып, ишти документке такап жүргүзбөй, креативдүү жана чыгармачылык менен мамиле кылуу аркылуу жүргүзүү керектигин белгиледи. Өзгөчө кол алдыларында иштегендер менен мамилени жакшыртуу зарылдыгын, анткени ал ишке кирише электе эле айрым жетекчилерди жумуштан алуу боюнча арыздар, кайрылуулар түшүп жатканын айтып, катуу эскертүү берди.

Формалдуулукту жоюу боюнча дагы аракеттер башталды. Ал үчүн  министрликте атайын эксперттик топ түзүлдү. Алар мугалимдерди канчалык деңгээлде кагаз, отчет жазуудан бошото алабыз деген маселенин үстүндө иштеп, анализ жүргүзүп жатышат. Буюрса, натыйжа болсо бул жагынан дагы өзгөрүүлөр болот.

 

Директорлорду дайындоо өзгөрөт

  • Директорлорду дайындоо боюнча дагы жакында өзгөрүүлөр болот. Ал үчүн өкмөт менен атайын сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Ийкемдүү иш алып барууга жана жаңыланууга аракет кылбагандар иштен кетиши керек. Өмүр бою жетекчилик кызматта отуруу дагы туура эмес. Ошол жердеги ар бир баланын өмүрү, жашоосу,  тажрыйбасы жетекчилер, сиздерге аманат. Эгерде балдардын 10-11 жылын текке кетирип отурсаңыздар, коом алдында жооп бере турган дагы күн келет. Ар бириңиздердин жоопкерчилигиңиздер, абийириңиздер бийик болушу керек. Ар бир балага сапаттуу билим алууга шарт түзүп берүү — биздин милдетибиз. Ошондуктан сиздерден эң чоң жоопкерчиликти талап кылам. Жаңыланыңыздар, чыгармачылык менен иштеңиздер. Директорлор, жетекчилер өзүңүздөр китеп окубасаңыздар, өзүңүздөрдү өнүктүрбөсөңүздөр, коомдо жүрүп жаткан процессти талдай албасаңыздар, анда арызыңыздарды жазып, өз эркиңиздер менен кете бериңиздер. Муну мен министр катары эмес, коомдук жаран катары айтып жатам. Анткени бир да бала төрт, он бир жылын мектеп менен университетте текке кетирбеши керек, — дейт Алмазбек Бейшеналиев.

 

Кышка даярдык

Республика боюнча мектептерди кышка даярдоо иши улантылып жатат. Айрым мектептер көмүр менен 100% камсыздалса, 20-30% гана жеткирилген мектептер бар. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова көмүр аз жеткирилген мектептерде маселе жаралбарын, болгону ал жакта  кампалардын тардыгынан жана көмүр жеткире турган компаниялар менен келишимдер кеч түзүлүп калгандыктан кармалып жаткандыгын билдирди. Бирок ошол эле учурда от казандарын тез арада оңдой турган мектептер дагы бар.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер