АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ АРАКЕТТЕ

  • 21.05.2020
  • 0

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ АРАКЕТТЕ

 

Коом билимдин пайдубалын бекемдесе, мамлекет ар тараптуу – экономикалык да, социалдык да, мамлекеттер аралык ички, тышкы байланыш жагынан да – чоӊ ийгиликтерге жетишет. Ошондуктан кесиптик орто билим берүү жаатында да алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлүп, коомдун өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү кесипкөй адистер даярдалып жатат.

Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин ушул жааттагы ургаалдуу жүргүзүп жаткан иштерин сөз кылалы. Бул колледжде  башталгыч класстарга, мектепке чейин билим берүү, дизайнер-модельер, социалдык патронаж, техник-программист, туризм, дене тарбия багытындагы адистер даярдалат. Колледждин максаты – жогорудагы адистиктерди заман талабына ылайык даярдап чыгаруу менен, мүмкүн болушунча аларды иш орду менен камсыз кылуу. Албетте, учурда мындай адистиктер коомго зарыл, алар жумуш ордун өз алдынча табат деңизчи, бирок окуу жай иш берүүчүлөр менен келишимдерди түзүп, аларга мүмкүн болушунча сапаттуу кадрды сунушташат.

2018-жылы Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжи  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү”  программасына кирген. Аталган долбоордун негизинде пилоттук колледжде Алдыңкы тажрыйба борбору уюшулуп, өз ишин региондун жана республиканын эмгек рыногуна тартууламакчы.

Алдынкы тажрыйба борбору – бул кесиптик орто билимдүү адистерди даярдаган, заманбап коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзгөн, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген; кадр даярдоодо  өзгөчө потенциалга, жогорку жетишкендиктерге ээ болгон борбор.  Анда окутуу компетенттүүлүк негизинде жүргүзүлүп, билимдин сапаты камсыздалат, башкарууда,  каржылоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишилет. Окуу программаларынын мазмунунда жумуш берүүчүлөрдүн жана социалдык өнөктөштүктү жогорку деңгээлде түзгөн башка кызыкдар тараптардын эмгек базарынын шартына ылайык келген талаптары эске алынат, ошондуктан инновациялык сунуштарга өзгөчө маани берилет.

Эки жыл аралыгында Борбордо абдан керектүү семинар-тренингдер, вебинарлар өткөрүлүп, окутуучулардын дилгирлене иштешине  өбөлгө түзүлүп жатат.

Албетте, Алдыңкы тажрыйба борбору бир нече талаптарга жооп бериши керек: биринчиден, башкаруу структурасына өзгөртүүлөр киргизилип; билим берүү программалары кызыкдар тараптардын, эмгек рыногунун талаптарына ылайык өркүндөтүлөт жана өлкөнү, регионду өнүктүрүүнүн талаптарына  карата окуу жайдын стратегиялык планы иштелип чыгат. Буга байланыштуу биздин колледжде төмөнкүдөй милдеттер орундалып келет:

  • натыйжаларга, туруктуу өнүгүүгө жана коомдогу өзгөрүүлөргө ылайыкташуу;
  • эмгек базарынын суроо-талаптарына анализ жүргүзүү менен кызыкдар тараптардын муктаждыктарын канааттандыруу;
  • кесиптик стандарттарга негизделген билим берүү программаларын түзүү;
  • окутуу процессин жумуш ордундагы практика менен айкалыштыруу.

Жогорудагы аракеттерге ылайык, Ош мамлекеттик университети индустриалдык-педагогикалык колледждин  Алдыңкы тажрыйба борборуна кошулуу аракетин ар тараптуу колдоп, жаңы заманбап имаратты бүтүрүп, пайдаланууга бермекчи.

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ АРАКЕТТЕ

 

— ОшМУнун ушундай колдоосу менен билим сапатын мындан ары да жогорулатып, окутуучулардын да билимин өркүндөтүү боюнча окуу курстарын уюштуруп жатабыз. Биздин бүтүрүүчүлөр коомго пайдалуу адистер болуп чыгышат, — дейт өз сөзүндө Индустриалдык-педагогикалык колледждин директору, доцент Олжобай Шаимкулов.

Бактыгүл Байтикова, “Кут Билимдин” сырт кабарчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер