“Ала-Тоо” Эл аралык университетинде Ачык эшиктер күнү

  • 18.04.2025
  • 0

Ала-Тоо” Эл аралык университети жана IT & Business колледжи 9-11-класстын окуучуларын жана алардын ата-энелерин 2025-жылдын 26-апрелинде саат 10:00дө өтө турган Ачык эшиктер күнүнө чакырат.

“Ала-Тоо” Эл аралык университетинде Ачык эшиктер күнү

Бул иш-чаранын алкагында абитуриенттер жана алардын ата-энелери университеттин инфраструктурасы, факультеттери, билим берүү программалары жана профессордук-окутуучулар курамы менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул келечектеги кесиптик жолду тандоодо ойлонулган жана негиздүү чечим кабыл алууга жардам берген маанилүү кадам.

Катышуучулар кабыл алуу тартиби, билим берүү багыттары, жеңилдиктер системасы жана каржылык колдоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө толук жана так маалымат алышат. Ошондой эле студенттик жашоо, окуудан тышкаркы мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилет.

“Ала-Тоо” Эл аралык университетинде Ачык эшиктер күнү

Ачык эшиктер күнүндө конокторду Кыргызстандын эң алдыңкы университетинде студенттик жашоонун чыныгы атмосферасын сезүүгө шарт түзгөн ар түрдүү иш-чаралар күтөт. Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында жазгы фестиваль жана бош орундар жарманкеси өтөт. Бул жарманке аркылуу студенттер окуп жатып эле ишке орношуу жана тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышат.

Иш-чаранын башкы демөөрчүсү – “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” ЖАК. Өнөктөштөр – “Dodo Pizza”, “Coca-Cola İçecek Kyrgyzstan” жана «О!Bank»

Катышуу акысыз!

Катышуу үчүн шилтеме аркылуу онлайн каттоодон өтүү зарыл.

Кошумча маалымат үчүн: https://aiufest.alatoo.edu.kg/.

Дареги: Бишкек ш., Тунгуч кчр., Анкара көч. 1/8.

Суроолор боюнча: +996 (555) 820 000.

АЭУда кызыктуу күн өткөрүп, келечектеги ийгилигиңиздин ачкычы боло турган мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбаңыз!

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер