АКЫН А.ИСМАИЛОВ “АЛТЫН КИТЕП” СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ БОЛДУ
- 06.08.2026
- 0
Алматы шаарында өткөн VI эл аралык Улуу Жибек Жолу поэзия фестивалына акын А.Исмаилов катышып, “Алтын китеп” сыйлыгынын лауреаты болду.

Анын тараткан маалыматына караганда, “GOLDEN AWARD FOR POETRY COLLECTION” деп аталган бул мартабалуу сыйлык буга чейин 12 тилге которулуп, 4 ирет басылган “Агыш түн” ырлар жыйнагы үчүн берилди.


— Эл аралык фестиваль БУУнун Улуу Жибек Жолу дүйнөлүк форуму, Акындардын Улуу Жибек Жолу эл аралык федерациясы, Түрк жазуучуларынын дүйнөлүк ассоциациясы, Дүйнөлүк поэзия кыймылы (WPM), Эл аралык жазуучулар жана сүрөтчүлөр палатасы, “БРИКС” жазуучулар ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Тажикстан, Түркия, Египет, Армения, Түркия, Канада, Кытай, Якутия ж.б. өлкөлөрдүн акындары сыйланышты, — дейт акын.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер