“Акылман” лицейиндей окуу жайлар жети дубанда ачылат

  • 10.06.2024
  • 0

Жогорку Кеңештин жыйында депутат Тазабек Икрамов зээндүү, талантуу, ошол эле учурда аз камсыз болгон, ата-энеси миграцияда жүргөн, толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдарына мамлекеттик деңгээл көңүл бурулушу зарылдыгын баса белгилеп, “Акылман” лицейиндей окуу жайды Кыргызстандын жети дубанына тең ачуу керектигин билдирди.

“Акылман” лицейиндей окуу жайлар жети дубанда ачылат

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева STEAM билим берүүгө багытталган “Акылман” лицейинин окуучулары бир жылдын ичинде  англис тилинде так сүйлөп, так илимдер боюнча дүйнөлүк олимпиадаларга чейин катышууга жетишкендигин айтып, бүгүнкү күндөгү эмгеги рыногу талап кылган жаңы кесиптердин 97% STEAM  байланышкандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле Азия Өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргызстандын бардык аймагында ачыларын кошумчалады. Бирок лицейди ата-энелер интернат катары пайдаланбашы керек. Ал өлкөнүн саясий-экономикалык, социалдык өнүгүүсүнө жаңы муундагы адистерди даярдоочу мектеп.

“Акылман” лицейиндей окуу жайлар жети дубанда ачылат

“Акылман” президенттик лицейинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан 71 окуучу билим алууда. Учурда 2024-2025-окуу жылына карата 7-, 9-класстар үчүн дагы беш класс ачуу үчүн тандоо жүргүзүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер