АКШ ИИМДИН БАҢГИЗАТТАРДЫ МЫЙЗАМСЫЗ ЖҮГҮРТҮҮГӨ КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КЫЗМАТЫНА ЖАҢЫ ШАЙМАНДАРДЫ СУНУШТАЙТ

  • 30.10.2020
  • 0

29-октябрда Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын жаңыланган аналитикалык борборунун ачылышы болуп өттү.

АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланган жана БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан координацияланган 200 000 долларлык ири демилгенин алкагында, жаңылоо долбоору физикалык базаны заманбап стандарттарга ылайыкташтырып, атайын сервер, компьютерлер жана ички корголгон тармак менен камсыз кылды.

АКШ Өкмөтү тарабынан каржыланган долбоордун алкагында аналитикалык кызматкерлерди окутуу жана жаңы ArcGIS картага түшүрүү жана i2 чалгындоо программалары менен камсыз кылуу каралган. Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын борборунун аналитикалык сереп иштери буга чейин Кыргыз Республикасы аркылуу Казакстан, Россия жана Европа Биримдигинин базарларына алып келинген опиаттардын жана психотроптук заттардын ири партияларын колго түшүрүүгө жардам берген.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков мырзалар жаңылануудан өткөн Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын аналитикалык борборунун ачылыш аземине башка жогорку даражалуу кызматкерлер менен бирге төрагалык кылышты. Иш-чарага катышкандар баңги заттарына каршы чалгындоонун жакшыртылган иликтөөсү баңги заттарды ташуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтордун жоюлушуна алып келет деген үмүтүн билдиришти.

Америка Кошмо Штаттары Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын трансулуттук уюшкан кылмыш топторунун баңги заттарды ташуусун токтотуп алардын кирешелерин жок кылуу менен кыйратуудагы аракеттерин колдойт.

АКШ элчилигинин басма-сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер