АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТПӨГӨН МЕКТЕПТЕР АТТЕСТАТ БЕРЕ АЛБАЙТ

  • 18.11.2022
  • 0

РЕДАКЦИЯДАН: Кийинки учурларда коомчулукта мектептерди аккредитациядан өткөрүү боюнча ар кандай пикирлер айтылып келе жатат. Ушундан улам биз Билим берүү жана илим министрлигинин аккредитациялоо секторунун башчысы Бактыгүл Акуловага айрым суроолор менен кайрылдык.

АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТПӨГӨН МЕКТЕПТЕР  АТТЕСТАТ БЕРЕ АЛБАЙТ

– Бактыгүл Темирбековна, мектептерди аккредитациядан өткөрүүнүн зарылдыгы канчалык деп ойлойсуз? Бул эмнеге керек?

– Бүгүнкү күндө иштеп жаткан КР “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 25-беренесине ылайык лицензиялоодон жана андан кийин аккредитациялоодон өткөн мектептер билим берүү программаларын толук өздөштүргөн жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөргө билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү тийиштүү документ беришет. Ал эми ушул эле мыйзамдын 40-беренесинини талаптарынын негизинде билим берүү жаатында кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын ырастоо максатында билим берүү уюмдары аккредитациялоодон өтүшөт. Демек, аккредитациялоо мектептердин берген билиминин сапатын ырастоого жана бүтүрүүчүлөргө аттестат, күбөлүк берүү мыйзамдуу болушу үчүн керек. Бүгүнкү күндө аккредитацияланбаган мектеп бүтүрүүчүлөргө аттестат же күбөлүк бере албайт. Бул мыйзам талабы деп түшүнүү керек.

– Эл ичинде аккредитациялоо маселелери боюнча чоң нааразычылыктар болуп жатат. Аны менен кошо акча жыйноо маселелери да көтөрүлүп жүрөт. Бул боюнча кандай маалымат бересиз?

– Бизде мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин
аккредитациясына байланышкан чыгымдар министрлик тарабынан каржыланат. Ал эми жеке менчик мектептер өзүнүн каражаттарынын эсебинен өтүшөт. Ооба, аккредитациялоого акча жыйноо маселелери боюнча ар кандай кайчы пикирлер, талаш-тартыштар болуп жатат. Алар биздеги негизги чындыкты бурмалагысы келгендер дээр элем. Пикирлерди диалог катары айтса туура. Бирок жумурткадан кыр издегенден мурда биздеги документтерге үңүлүп карап коюшса жакшы болмок. Эми жооп берейин. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептин жетекчилиги аккредитациядан өтүү үчүн акча жыйноого тыюу салынган. Бул боюнча тактап айтсам, 2022-жылдын 16-августунда министрликтин №1592/1 буйругу чыгарылып, анда коррупциялык тобокелчиликтерди болтурбоо маселеси каралган. Эгерде ушундай көрүнүштөр орун алса, анда бул буйруктун негизинде жоопкерчилик райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктары, борборлору) жетекчилерине, мектептин директорлоруна жана орун басарларына жүктөлгөн.

Учурда министрлик мектептердин аккредитациясын лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасында (АСУЛА) өткөрүп жатат. Бул системада министрлик тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө толук бойдон бөгөт коюлган. Аккредитациялоо сектору райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын, борборлорунун) жетекчилери жана мектептин директорлорунун катышуусу менен тынымсыз онлайн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул иш-чаранын негизинде жалаң гана коррупциялык тобокелчиликтерге көңүл бурулбастан, мектеп өзүнүн ишмердүүлүгүнө кантип баалоо жүргүзүүсү керектиги, мектептин стратегиялык (өнүгүү) пландарынын аткарылышын камсыздоо жана башка маселелер каралып жатат. Аккредитациялоодо мектептердин ишмердүүлүгүн тышкы баалоо жүргүзүүчү эксперттер менен да түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул суроо боюнча маалыматымды жыйынтыктап жатып, баса белгилегим келет: аккредитациялоо менен байланышкан маселелер боюнча мектептер мугалимдерден, ата-энелерден жана башка кызыкдар тараптардан акча каражаттарын чогултуу мыйзамсыз болуп эсептелет.

– Лицензиялоону жана
аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы (АСУЛА) жөнүндө айта кетсеңиз?

– Өткөн 2021-жылдагы мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыгы менен Билим берүү жана илим министрлиги “ИВТ Лаб” жоопкерчилиги чектелген коому менен автоматташтырылган системаны бүтүрүү жана техникалык колдоо боюнча келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык АСУЛА системасы иштелип чыгып, ишке киргизилди. Анда бул тармактын иштөө принциптери толук камтылган. Ага ылайык,
аккредитациядан өтүү үчүн мектептер арыздарды толук электрондук форматта беришет. Бул учурда тышкы баалоону жүргүзүү да толук электрондук форматта өтөт. Ишке ашыруунун бардык этаптарында адамдардын байланышы болбойт. Бул шарт мүмкүн болуучу коррупциялык компоненттерди жокко чыгарат.

Мындай ыкмада мектептер да, министрлик жана эксперттик комиссия да убакыт ресурстарын жана кагазды олуттуу үнөмдөй алат. Анткени АСУЛА ишке киргенге чейин алыс жакынына карабай бардык мектептер аккредитациялоо менен байланышкан материалдарын кагазга чыгарып алып министрликке алып келишчү, ал эми документтерде кемчиликтер болгон учурда бир нече жолу кайрадан чыгарып алып келүүгө муктаж эле. Бул автоматташтырылган система ишке киргенден тарта мектептер документтерин электрондук форматта системага жүктөшөт. Эгерде арыз кандайдыр бир кемчиликтердин негизинде каралбай кайра кайтарылса, ошол эле системада кайрадан оңдоп-түздөп
жөнөтөт.

Баса белгилей кетчү нерсе, министрликтин аккредитациялоо боюнча кызматкерлери аккредитациялоо процедурасына эч кандай кийлигише албайт. Анткени эксперттик комиссиянын курамы системада рандом тартибинде аныкталат. Бул учурда буйрук дагы автоматтык негизде генерацияланат. Эксперттик комиссиянын корутундусу да сүрөт катары системада даяр болгондуктан, ал жакка да биздин кызматкерлер өзгөртүү киргизе алышпайт.

Эксперттер бири биринин койгон баасын көрө алышпайт. Ар бир эксперт өзүнүн жеке кабинетинде баалап бүткөндөн кийин электрондук кол тамгасы менен кол коет. Эксперттик комиссияга кирген бардык эксперттер бири-биринен көз карандысыз баалап, кол койгондон кийин эксперттик комиссиянын корутундусу да автоматтык түрдө генерация болот. Эксперттер корутундунун аягына аккредитациядан өтсүн же аккредитациядан өтпөсүн деп жаза алышпайт. Алардын ордуна бул ишти система өзү алдын ала берилген формула менен иштеп чыгат.

Бул эмнени билдирет? Бул бир эксперт башкалар менен сүйлөшүп, оң баа коюп, аккредитациядан өткөрүп берем же болбосо министрликтин кызматкерлери эксперттерге басым жасап аккредитациялоонун жыйынтыгын оңдоп берем деп жоопкерчиликти өз мойнуна ала албайт. Бул да болсо коррупциялык тобокелчиликтерди кыскартуу максатында жасалган.

ASULA ушул эле учурда «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдар менен интеграцияланган. Мунун негизинде мектептин жеке номерин (ИНН) системага киргизүү менен юридикалык жактын маалыматтары
Юстиция министрлигинин, салык кызматынын базасынан системага түздөн-түз келип түшөт. Эксперттик комиссиянын мүчөлөрү жөнүндө маалымат дагы ушул сыяктуу электрондук кол тамга алган учурда түз эле системага эксперттин жеке номери аркылуу алынат. Аккредитациялоо маселелери боюнча коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуунун, эгер мүмкүн болсо түп-тамырынан бери жокко чыгаруунун үстүндө иштеп жатабыз.

– АСУЛАда мектептер эч кыйынчылыксыз эле иштеп жатабы?

– Жаңы ишке киргизилип жаткан система болгон үчүн биздин кызматкерлер иштеп чыккан компания менен бирге тынымсыз техникалык колдоо көрсөтүп жатабыз. Мындай иштин жыйынтыгында азыркы учурда системада 72 арыз толук каралып бүтүп, тиешелүү чечим кабыл алынды. Азыр 76 арыз боюнча комиссия иштеп жатат. Келген 24 арыз коллегиянын кароосуна даярдалды. Ал эми 170 арыз кароо кезегин күтүп турат. Бул эки айдын ичиндеги аккредитациялоо боюнча чоң жетишкендик деп эсептейм. Министрлик “ИВТ Лаб” жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте колдонуучулар үчүн онлайн жана оффлайн форматында жалпысынан 1500дөн кем эмес адам катышкан тренингдерди бир нече жолу өткөрдү. Азыркы учурда массалык колдонууга берилди.

– Мектептер аккредитациядан өтүү үчүн эмнелерди даярдайт, кандай мектеп аккредитациядан өтөт, кандайы өтө албай калат, өтпөй калгандар кайра качан кайталап өтүшөт?

– Мектептер аккредитациядан өтүүсү үчүн КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы №189 токтому менен бекитилген минималдык талаптардын негизинде министрлик өзүн-өзү баалоонун отчетунун формасын иштеп чыккан. Мектеп акыркы беш жылдын ичиндеги ишмердүүлүгүнө өзүн-өзү баалоо жүргүзүп, жыйынтыгын аналитикалык отчет катары ошол формага ылайыктап отчет жазып, АСУЛА аркылуу жөнөтүшү керек.

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен аккредитациялоо боюнча кайсы учурда кандай чечим кабыл алынаары да бекитилген. Эгерде Өкмөт бекиткен талапка жооп бербей калса, анда аккредитациялоонун жыйынтыгы жакшы болбойт. Көпчүлүк учурда өзүн-өзү баалоону жүргүзүүгө жакшы көңүл бурулбай, даярдалган отчеттордун мазмуну төмөнкү деңгээлде болгондуктан, жыйынтыктар да жакшы болбой жатат. Бул жерде мен мектептин директорунун өзү баш болуп ошол иш-чараны уюштуруусу зарыл деп белгилейт элем. Анткени, мектептин директору бул маанилүү документти кол алдындагыларга дайындатып коюп, четте калып жатат.

Министрлик тарабынан шарттуу аккредитацияланган жана аккредитациялоодон баш тартылган мамлекеттик жана муниципалдык мектептерди кошумча экспертизалоо боюнча тартип бекитилген. Жер-жерлерде райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктары, борборлору) жетекчилери бекитилген тартип боюнча иш алып барууга милдеттүү.

– Акыркы суроо. Коомчулукта мектептерди аккредитациялоону жокко чыгаруу жөнүндө пикирлер айтылып жүрөт. Бул боюнча оюңуз кандай?

– Ооба, учурда Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамынын долбоору иштелип жатат. Бул долбоордун алкагында граждандык коомчулуктун өкүлдөрү мектептер үчүн ыктыярдуу аккредитацияны сунушташкан. Биз бул сунуш орундуу деп ойлойбуз. Мектеп билим берүүсүнүн сапатын камсыздоо иш-чарасы аккредитация барбы же жокпу ага карабай эле, дайыма көңүл чордонунда болуучу маселе. Мектеп өзүн-өзү баалоо процедурасы аркылуу билим сапатын жакшырта алат деп ишенем. Бур тармакта окуучулардын билим жетишкендиктерин системалуу баалоо боюнча иш-аракеттер көрүлүп жатат. Жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин дагы жаңыча ийгиликтер жаралат деп
ойлойм.

Аңгемелешкен
Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер