АК-СУУ: ЖАҢЫ ДОЛБООРЛОР ИШКЕ АШАТ

  • 21.08.2026
  • 0

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлор ишке ашырылат.

АК-СУУ: ЖАҢЫ ДОЛБООРЛОР ИШКЕ АШАТ

Маалыматка таянсак, бул багытта Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумга жана социалдык объектилерди куруу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Документтерге ылайык, райондун аймагында төмөнкү объектилерди куруу пландалууда:

Ичке-Жергез айылында 375 орундуу мектеп; Черик айылында 150 орундуу мектеп; Орлиное айылында фельдшердик-акушердик пункт; Жыргалаң айылында фельдшердик-акушердик пункт; Жыргалаң айылында мечит; «Ала-Тоо Резорт» аймагында мечит; социалдык багыттагы турак жайлар.

Мындан тышкары, Ак-Суу районундагы бир катар социалдык объектилерди капиталдык оңдоодон өткөрүү каралган.

Тараптар социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана калк үчүн шарттарды түзүү багытында кызматташууну өз ара түшүнүшүү, ачыктык жана тең укуктуулук принциптеринин негизинде улантууга ниеттеништи.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер