АК МЕКТЕПТИН БЕШИГИН ТЕРМЕТКЕН ОЙЛОР

  • 14.12.2023
  • 0

АК МЕКТЕПТИН БЕШИГИН ТЕРМЕТКЕН ОЙЛОР

Мугалимдик «алтын кесип» эмеспи?

Айтор, дээрлик жыйырма жылдан бери ЖРТ сынактары өлкөбүздө өткөрүлүп келет. Жыл сайын элүү чакты бүтүрүүчү алтын сертификаттын ээси болот.
Эмнегедир алтын сертификатты алгандардын арасынан мугалимдик кесипти тандагандар өтө сейрек кездешет.
* * *
Эмне үчүн?

Ооба, ар жыл сайын эң мыкты окуучулар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары
президенттик «Балаты» майрамына барышат. Бул– эң жакшы көрүнүш!
Эмне үчүн алардын арасында мугалимдердин карачечекей уул-кыздары жок? Байкуш мугалимдердин перзентин  областтык жана республикалык «Балаты» аземдерине жөнөтсөк болбойбу?
* * *
Бектур агайдын он томдугу

Акын-жазуучулардын томдуктарын карап олтуруп, бир сонун ой сымаптай кылт этип, менин түн уйкумду төрткө бөлдү.
Айтор, улуу мугалим Бектур Исаковдун эмгектерин, мезгилдик басма сөздө жарыяланган макалаларын топтоп, кайра баштан иреттеп, том-том кылып чыгарсак деген изги тилегим бар.
* * *
Жетекчинин бөлмөсү

Кээ бир жетекчилердин бөлмөсүндө кичинекей китеп текчеси бар. Каз-катар тизилген китептер, усулдук адабияттар бакыйган башчынын интеллектуалдык көрөңгөсүнөн кабар бергенсийт (эгерде чындап окуган болсо). Башка бир мүдүрлөрдүн каанасында ачылган
гүлдөр көңүлдү көккө көтөрөт.
Айрым атка минерлер алган ардак грамоталарын жалаяктай жайнатуу менен убара…
* * *
Эң мыкты мекеме

К.Базарбаев атындагы Чүй областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту ата мекендик агартуучуларга ак кызматын өтөп келет.

Жалпы кыргыз мугалимдерине уюткулуу усулдук жардамын көрсөткөн мекеменин иши илгерилей берсин!

Тайир АШИРБАЙ,
Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер