АЙЫЛ КЭМП ЛАГЕРИ: БАЛДАРДЫ УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРГА ҮЙРӨТӨТ

  • 21.06.2018
  • 0

Айыл Кэмп этно лагери шаардык балдарды смартфон, гаджет,  интернеттен алыстатып, кыргызча сүйлөгөнгө үйрөтүп, улуттук оюндарды, кыргыздын үрп-адаты, каада-салты, нарк-насили менен тааныштырууда.

АЙЫЛ КЭМП ЛАГЕРИ: БАЛДАРДЫ УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРГА ҮЙРӨТӨТ

Лагердин биринчи агымы 15-июнда башталды. Учурда жүзгө жакын бала Кегети капчыгайындагы “Сан-Сити” эс алуу борборунда эс алып жатышат. Балдар жаш курагына жараша топторго бөлүштүрүлгөн.

  • Лагерь үч агым менен болот. Балдар төрт маал тамактанышууда. Тажрыйбалуу медиктер тынымсыз медициналык жардам берип жатышат. Лагердин башкы максаты балдарды смартфон жана интернеттен алыстатуу болуп саналат жана программанын өзөгүн улуттук оюндар түзөт. Себеби балдар оюн аркылуу сезимдерин билдиришет, дүйнө таанышат. 7-10 жаштагы балдарга менталдык арифметика курсу болот. Ал баланын мээсинин оң жана сол жарым шаарчаларын биргеликте өнүктүрүүгө жардам берет. Хайкинг, тоолорго, шаркыратмага болгон экскурсиялар баланын эс алуусуна гана эмес, интеллектуалдык өнүгүүсүнө себеп болот, — дейт лагердин уюштуруучусу “Интеллект” окуу борборунун жетекчиси Жакшылык Матанов.

АЙЫЛ КЭМП ЛАГЕРИ: БАЛДАРДЫ УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРГА ҮЙРӨТӨТ

Лагердин негизги максаты балдарды кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты, улуттук оюндары, маданияты менен тааныштыруу болгондуктан 10 күндүн жети күнү Манастын жети осуяты менен коштолгон программада өтөт. Күн сайын балдар кыргыздардын улуттук тамагын даярдоого үйрөнүшүүдө. Андан сырткары балдар концентрацияны, вестибулярдык системаны, кичине жана чоң моториканы өнүктүргөн, туура жана бат чечим чыгарганга жардам берген улуттук оюндарды ойношууда.  Мисалы, өткөн беш күндө балдар боз үй тигишип, кой союп, аны жиликтеп, от жакканды үйрөнүштү. Андан сырткары көөлөнгөн талкан, сүзмөдөн курут, боорсок жасашты. Улуттук оюндардан ордо, топ таш, аркан тартмай, жоолук таштамай сыяктуу оюндарды  ойношуп, каалашынча атка минип, чыныгы кыргыз балдарынын жашоосуна күбө болушууда. Кол өнөрчүлүк (кийиз менен иштөө жана бисер) жана мээнин эки жарым шаарчасын өнүктүрүү боюнча дагы окуудан өтүшүүдө.

  • Кыргыз элинин маданиятын үйрөнүү менен бирге, балдар смартфондон он күн оолак болушат. Себеби азыр балдар реалдык жашоого караганда виртуалдык жашоого көп убакыт коротууда. Бул баланын ден соолугуна, кабыл алуусуна таасир этет. Ар бир ата-эне бул көйгөйдүн айынан балдарына кабатыр болушууда. Ошондуктан лагерде тажрыйбалуу психологдор иштеп жатышат. Алар арт-терапия, жомок-терапия, тренингдерди, эс алдырчу көнүгүүлөрдү жасатышууда, — дейт Жакшылык Матанов.  — Биз балдарды дароо гаджетсиз жана интернетсиз чөйрөгө алып келгендиктен, айрымдары телефону жок кыйналышты. Психологдор ошондой балдар менен ар кандай терапияларды өткөрүп жатышат. Лагердин соңунда ар бир бала тууралуу психологдор ата-энелерине билдирүү жасашат жана баланын абалына жараша кеп-кеңештерди беришет.

АЙЫЛ КЭМП ЛАГЕРИ: БАЛДАРДЫ УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРГА ҮЙРӨТӨТ

Учурда балдар эмес чоңдор гаджеттен чыга албай жатканда мындай этно лагерди уюштуруу өзгөчө шаардык балдар үчүн чоң табылга болуп саналат. Себеби уюштуруучулардын айтымында, шаардык балдарга караганда айылдык балдардын интеллектуалдык коэффициенти менен эмоционалдык коэффициенти бирге өнүгөт. Ошондуктан айылда өскөн балдардын күнүмдүк жашоо-тиричиликке аралашып, ата-энесине жардам бергени өзүнө болгон ишенимди жогорулатып, эмоционалдык коэффициентинин өнүгүшүнө өтө чоң таасирин тийгизет.

  • Мисалы, мен баланын мээсиндеги эки жарым шаарчаны өнүктүрүүнүн үстүндө иштейм. Мээдеги эки жарым шаарчанын бирдиктүү иштеши айылдык баланын суу ташыганынан баштап, кой айдаганга чейинки иш-аракетинен көз каранды болот. Чүкө ойногондун эле балдардын акыл-эсине тийгизген таасири чоң. Көрсө, бизге байкалбаган бул иштер баланын мээсин өнүктүрөт экен. Муну дүйнөлүк чемпионаттарда биздин балдардын ийгиликке жетишип жатканынан байкасак болот. Чет элдиктер биздин балдардын мындай өзгөчөлүгүн айылда өскүндүгүнөн деп айтышууда. Демек, биз кыргыздын нукура жашоосу менен жашасак, дүйнөдөгү эң акылдуу элдерден болот экенбиз, — дейт Жакшылык.

АЙЫЛ КЭМП ЛАГЕРИ: БАЛДАРДЫ УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРГА ҮЙРӨТӨТ

Лагердин психологдорунун айтымында, азыр ата-эне балага эмес, бала ата-энеге буйрук берип калды. Алардын минтип жаткандыгынын негативдүү таасири бар. Бала төрөлгөндө ишеним, мүнөздүн калыптанышы атанын тарбиясынан көз каранды болот. Ошондуктан үйдө бир нерсеге тыюу салуу же бир нерсеге уруксат берүү ата тарабынан болушу керек. Ал эми мээрим менен сүйүү эне тарабынан берилет. Ошондуктан аталар балдарды уруп, агрессия менен тарбиялабастан, аларды көзөмөлдөп, ар бир кадамын байкап, жардам берчү учурда сыртын салып койбошу абзел. Бала акылдуу, ийгиликтүү болушу үчүн 11 жашка чейин анын каалоосуна көңүл буруу зарыл. Себеби кээ бир ата-энелер балдарга толугу менен тыюу салып коюшат. Андайда балдар агрессивдүү боло башташат дагы, активдүү же пассивдүү түрдө ошол агрециясын чыгара башташат. Ошондуктан тарбияны баланын жаш кезинен баштоо керек. Мисалы, студенттерге караганда бала бакча менен мектептин башталгыч класстарында окуган балдарга айтылган сөз сиңимдүү болот. Анткени адам баласынын мээси 5-12 жаштын ортосунда калыптанат. Бул куракта баланын мээсине сиңирилген идеология өмүр бою унутулбайт. Ошондуктан балдарды бала бакчадан баштап мамлекетти, элин-жерин сүйүүгө тарбиялап, элге кандай пайда алып келе алам деген ойго багыт берүү зарыл. Демек, Айыл Кэмп этно лагерине окшогон лагерлерди уюштуруу мезгилдин кечиктирилгис талабы.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер