АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫН ИЗИЛДЕГЕН МЫКТЫ СТУДЕНТТЕР СЫЙЛАНДЫ

  • 07.12.2018
  • 0

Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында өткөн Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын эң мыкты изилдөө боюнча улуттук сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Сынак Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган. Конкурска жалпы алтымыштан ашуун иш түшүп, аларды Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы  Мамлекеттик тил жана адабият институту тарабынан атайын түзүлгөн экперттик комиссия карап чыкты. Натыйжада Ош мамлекеттик университетинин студенти Бекмурат кызы Гульзада “Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалиминин” болочок мугалимдердин калыптанышына тийгизген таасири” деген эмгеги менен жана Кыргыз медициналык академиясынын студенти Кубанычбек кызы Назгүл “Акбара жана энелик инстинкт” аттуу эмгеги менен  1-орунду багындырышып, 45 миң сом, диплом жана планшет менен сыйланышты.

2-орунду алган ЫМУнун студенти Алманбет кызы Нуриза, БГУнун студенти Кадырбаева Гүлкайыр, ОшМунун студенти Турат уулу Жанузакка 30 миң сом, диплом жана планшет ыйгарылды.  25 миң сом, планшет жана диплом менен 3-орунду багындырган дагы төрт студент сыйланды.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер