АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫНА КИРГЕН НЕМИС ОКУРМАНДАР

  • 13.07.2020
  • 0

АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫНА КИРГЕН НЕМИС ОКУРМАНДАР

 

Онлайн университет платформасынын Адабият, тил жана маданият лабораториясы эртең, 13-июлда, саат 14.00дө «Айтматовдун ааламы. Ирмтрауд Гучке» аттуу кезектеги дил маегин өткөрөт.

Дил маекке Германиядагы адабиятчы, журналист Ирмтрауд Гучке менен белгилүү адабиятчы, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Осмонакун Ибраимов катышат. Иш-чарада немис адабиятчысынын изилдөөсү, Германияда учурда Ч.Айтматовдун окурмандар тарабынан кабылданышы жана бүгүнкү күндө дүйнөлүк адабиятта кыргыз жазуучусунун ээлеген орду тууралуу сөз болмокчу.

АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫНА КИРГЕН НЕМИС ОКУРМАНДАР

Белгилей кетсек, Ирмтрауд Гучке Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу «Вопросы человечества, Мифы, Сказки. О творчестве Чынгыза Айтматова», “Обещание журавлей: путешествие в мир Айтматова” (Турналардын убадасы: Айтматовдун дүйнөсүнө саякат) жана «Чынгыз Айтматов: Рассказы о животных»  аттуу китептердин автору.

Ал эми Осмонакун Ибраимов улуу жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган «Айтматов. Последней писатель империи» (Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу) жана Россиядан ЖЗЛ сериясынан жарыкка чыккан “Чингиз Айтматов” аттуу китептердин автору.

Эске салсак, Онлайн университет платформасынын Адабият, тил жана маданият лабораториясы Ч.Айтматовдун бейнесине арналган “Айтматов ааламы” дил маектер сериясын уюштурууну улантып келет.

Вебинардын шилтемеси:

https://zoom.us/j/92351776852?pwd=Mml0L3lZRk5Ld2cxV0xHNkFmdjRodz09

 

Идентификатору: 923 5177 6852

Пароль: 701275

 

#ҮйрөнүүнүҮйрөн

 

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

Бөлүшүү

Комментарийлер