АЙТМАТОВ ЖАНА ТЕАТР ААЛАМЫ

  • 15.11.2018
  • 0

Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени болгон Талас шаарында  “Айтматов жана театр ааламы” деп аталган биринчи балдар фестивалы өтүүдө.

 

Анда “Устат-шакирт” борборунун “Умтул” мектеп театрларынын тармагы даярдаган спектаклдер тартууланат. Иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине жана аймактарды өнүктүрүү жылына арналган. Конкурс Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын базасында Кыргызстандын 13 мектебинин балдарынын катышуусунда 11-17-ноябрда өтүп жатат.

Андан сырткары, Тажикстандын Душанбе шаарындагы көркөм мектептин тарбиялануучулары жергиликтүү режиссер Бахтиёр Кахаровдун жетекчилиги менен катышууда.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер