АЙТМАТОВ КЛУБУНУН  СЫЙЛЫКТАРЫ ТАПШЫРЫЛАТ

  • 12.02.2019
  • 0

12-февралда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет  театрында Эл аралык Айтматов клубунун 2016-2018-жылдар үчүн “Адабият, көркөм өнөр жана маданият жаатындагы эл аралык сыйлыгынын лауреаты” наамына ээ болгондорго жана Коомдук Айтматов академиясына жаңы шайланган академиктерге диплом жана төш белгини тапшыруу аземи болот.

АЙТМАТОВ КЛУБУНУН  СЫЙЛЫКТАРЫ ТАПШЫРЫЛАТ

Бул сыйлык жазуучу  Султан Раевге “Топон” романы үчүн, театр жана кино актеру Нурканбек Турсунбаевге Чыңгыз Айтматовдун жана дүйнөлүк классикалык башка чыгармалар боюнча спектаклдерде, фильмдерде мыкты ролдорду жараткандыгы жана маданий-уюштуруучулук ишмердиги үчүн, Өзбек Республикасынын Эл артисти Мирзажон Азизовго Ч.Айтматовдун чыгармаларын театр өнөрү аркылуу өзбек көрөрмандарына жеткирүүгө сиңирген көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, актриса Сыдыгалиева Анарага Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектаклинде башкы каарман  Толгонайдын образын эң жогорку чеберчилик менен жараткандыгы үчүн, актёр, киносценарист, кинорежиссёр Бактыбек Мукулга улуттук театр жана кино өнөрүнө сиңирген көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, “Учур” театрынын режиссеру  жана артисттери Ш.А.Шейшенов, Б.И.Асанова, Ч.Б.Мамаев, Н.А.Копоев, А.К.Ажыканова, И.З.Токтокожоевага Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган “Кыямат”, “Жаабарс” спектаклдеринде мыкты образдарды жараткандыктары үчүн ыйгарылат.

Эл аралык Айтматов клубу 1989-жылы көркөм адабиятты, искусствону, маданиятты, элдин тарыхын жана салт-санаасын, Ч.Айтматовдун чыгармаларын эл аралык илимий, маданий байланыштардын чыңдалышына салым кошуу максатында уюшулган. Клубдун сыйлыгы 1991-жылдан бери берилип келе жатат. “Айтматов клубунун адабият, көркөм өнөр жана маданият тармагындагы эл аралык сыйлыгынын” алгачкы лауреаттары төмөнкүлөр болушкан: француз жазуучусу Луи Арагон, казак жазуучусу Мухтар Ауэзов, сүрөтчү, киноактёр Сүймөнкул Чокморов.

 

Коомдук Айтматов академиясы 2018-жылы жаңы академиктер менен толукталды

Жаңы шайланган академиктер: филология илимдеринин доктору, академик Иса Габиббейли (Азербайжан) филология илимдеринин доктору, профессор Мейлибаев Ахмаджон Мейлибаевич (Өзбекистан), филология илимдеринин доктору, профессор Миннуллин Ким Мугаллимович (Татарстан) филология илимдеринин доктору, профессор Миннуллин Ким Мугаллимович (Татарстан) жана филология илимдеринин доктору Бакашова Жылдыз Кемеловна(Кыргызстан).

Коомдук Айтматов академиясы жөнүндө кыскача маалымат:

Академия 1995-жылы уюшулган. Коомдук уюмдун негизги максаты – гуманитардык багыттагы тил, адабият, философия, тарых, экономика, искусство таануу багытындагы илимпоздор үчүн эл аралык деңгээлде пикир алмашуу, илимий чыгармачылык байланышты кеңейтүү, Ч.Айтматовдун чыгармаларын кеңири коомчулукка жайылтуу, системалуу изилдөө болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер