АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТИН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

  • 16.02.2023
  • 0

АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТИН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

14-февралда КУАУнун “Мисс & Мистер КУАУ — 2023” аттуу кароо-сынагы студенттердин интеллектуалдык деңгээлин, эстетикалык табитин, чыгармачылык жана кол өнөрчүлүк талатын өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Иш-чара: саламдашуу, чыгармачылык талантын, кол өнөрчүлүгүн көрсөтүү менен бирге, “love story” видео-роликтери тартууланды, интеллектуалдык суроолор берилип, шоу-програмалар менен коштолду. Ар бир факультеттен 1 мырза-студент, 1 айым-студент катышты. Жыйынтыгында I орунду “Мисс & Мистер КУАУ- 2023” номинациясын технология жана биоресурстар факультетинин 3-курсунун студенти Байышбек уулу Бектур жана 2-курсунун студенти Исраилова Тамила (диплом, баалуу белек жана 5000 сом), II орунду “I вице Мисс & Мистер КУАУ — 2023” номинациясын агрономия жана токой чарба факультетинин 2-курсунун студенттери: Темирбеков Хамза, Канатбекова Айгерим (диплом, баалуу белек жана 3000 сом), III орунду “II вице Мисс & Мистер КУАУ- 2023” инжинердик-техникалык факультетинин 1-курсунун студенттери:  Тынычбеков Ильгиз, Талгартбек кызы Диана (диплом, баалуу белек, 1000 сом) жеңип алды.

Бардык катышуучуларга: “GEEKS” окутуу борборунда программалоо курстарына акысыз сертификаттар, “Envio Bishkek” англис тилин окутуу борборуна жеңилдетилген сертификаттар, “Sattva” йога студиясына сертификаттар тапшырылды. I, II орунду ээлеген студенттерге “Avanta” моделдик агенттигинде акысыз фото-сессия жасоого жолдомо, ошондой эле, экономика жана менеджмент факультетинин 1-курсунун студенти Улан кызы Азизага “Avanta” моделдик агенттигинде акысыз, эки айлык окуу курсуна жолдомо тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер