Агартуу министрлиги “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун калыстар тобунун курамына мүчөлөрдү кабыл алат
- 11.09.2025
- 0
Тандоо критерийлери жана негиздери:
* Азыркы учурда кесиптик билим берүү уюмунда же кошумча кесиптик билим берүү уюмунда иштөөсү;
* “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”, “Билим берүүнүн ардактуу кызматкери”, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” наамдарынын болушу, (же)* “педагогика” илимдери боюнча адистигинин жана (же) финалдык сынактын катышуучулары окуткан тиешелүү предметтер боюнча илимий даражасынын болушу, (же)
* акыркы үч жылдагы “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун жеңүүчүсү.
Калыстар тобунун курамына талапкерлер тиешелүү документтерди (диплом, сертификат ж.б.) беришет.
Мындан тышкары калыстар тобунун курамына “Мастер-класс”, “Сабак” конкурстук сыноолорун баалоо үчүн калыстар тобунун курамын түзүүгө окуткан предмети боюнча адистешкен эксперттерден, бүтүрүүчү класстардын окуучуларынан, жогорку окуу жайлардын студенттеринен жана коомдук өкүлдөрдөн арыздар кабыл алынат.

Калыстар тобунун курамына өзүн өзү сунуштаган талапкерлер [email protected] электрондук почта дарегине паспортунун көчүрмөсүн, кайсы топко талапкер экендиги (чоң калыстар тобуна, кичи калыстар тобуна же предметтик калыстар тобуна) көрсөтүлгөн резюмесин 2025-жылдын 17-сентябрына чейин жөнөтүүгө тийиш.
Тандалып алынган калыстар тобунун мүчөлөрүнө атайын билдирүү 2025-жылдын 20-сентябрына чейин жиберилет.
Тиркеме: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №703 токтому менен бекитилген ар жылдык “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурстарын өткөрүү тартиби жөнүндө жобо
Токтомго шилтеме: https://cbd.minjust.gov.kg/7-22934/edition/1406/kg.
Жобого шилтеме: https://cbd.minjust.gov.kg/46-3658/edition/1409/kg
Статистикалык маалымат:
Ушу тапта Кыргызстан аймагы боюнча 1 536 633 бала билим алууда. Жалпысынан 2394 мамлекеттик мектеп, анын ичинде 224 жеке менчик мектеп бар. Мугалимдердин саны 93 миңден ашык. Аларга 27 миңден ашык ноутбук тапшырылды. Ал учурдагы санарип доордо мугалимдердин ишин жеңилдетүү максатын көздөйт.
Кемел Белек
Комментарийлер