АГАРТУУ МИНИСТРИ: ЖАРАТМАН ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮЧҮ ОКУУ КИТЕПТЕРИН ЖАРАТЫШЫБЫЗ КЕРЕК

  • 10.07.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана министрликке караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемеси тарабынан кыргыз тили, география жана тарых предметтери боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстердин мазмундук негиздерине арналган тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басарлары, Улуттук илимдер академиясынын, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, Геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекеменин, Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жетекчилиги жана өкүлдөрү, ошондой эле окуу китептеринин авторлору, эксперттер менен методисттер катышты.АГАРТУУ МИНИСТРИ: ЖАРАТМАН ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮЧҮ ОКУУ КИТЕПТЕРИН ЖАРАТЫШЫБЫЗ КЕРЕКИш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын, улуттук баалуулуктарды жана 12 жылдык билим берүү моделинин талаптарын эске алуу менен аталган негизги үч предметтин мазмунун өркүндөтүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, улуттук өзгөчөлүктү жана тарыхый эс тутумду сактоого, географиялык мазмунду актуалдаштырууга, ошондой эле окуу материалдарынын илимий негиздүүлүгү менен сапатын жогорулатууга бурулду. Андан тышкары, окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу жана билим берүүгө компетенттүүлүккө негизделген мамилени киргизүү маселелери өзүнчө багыт катары каралды.АГАРТУУ МИНИСТРИ: ЖАРАТМАН ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮЧҮ ОКУУ КИТЕПТЕРИН ЖАРАТЫШЫБЫЗ КЕРЕКТегерек столдо сөз сүйлөгөн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөнүн келечегин аныктаган өзөктүү предметтер боюнча жаңы окуу китептерин даярдоо чоң жоопкерчиликти талап кыларын баса белгиледи:

«Балдарга багытталган, жаратман жана өнүктүрүүчү окуу китептерин жаратышыбыз керек. Бүгүнкү окуучуларды эски ыкмадагы китептер менен кызыктыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан жаңы окуу китептеринде санариптик технологияларды, анын ичинде QR-коддорду колдонуу аркылуу окуучулардын изденүү, талдоо, аналитикалык ой жүгүртүү жана туура чечим кабыл алуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасайбыз. Ар бир окуу китеби кылдат талданып, жогорку талаптардын негизинде даярдалат», – деди министр.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев да жаш муунга сапаттуу билим берүү, алардын улуттук иденттүүлүгүн калыптандыруу жана мекенчилдикке тарбиялоо өзгөчө маанилүү экенине токтолду:

«Президент Садыр Жапаров белгилегендей, өлкөнүн келечеги билимдүү, улуттук баалуулуктарды сыйлаган жана дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү жаш муунга байланыштуу. “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” урааныбыздын негизги мааниси да ушунда. Биздин жаштар Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошуп, өлкөнү дүйнөлүк деңгээлге алып чыгышы керек», — деди А. Койчиев.

Ошондой эле ал улуттук билим берүү системасы дүйнөлүк мейкиндикке интеграциялануу менен бирге, улуттук иденттүүлүктү бекемдөөгө кызмат кылышы керектигин кошумчалады.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер