Агартуу министри Кендирбаева: «Мамлекет тарабынан өлкөнүн келечек мууну үчүн эң сонун шарттар түзүлүүдө»
- 12.06.2026
- 0
Ош шаарындагы “Доор өзгөрткөн билим” форумунун жүрүшүндө агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөдө билим берүү жана өсүп келе жаткан муунду колдоо багытында жасалып жаткан акыркы реформаларга токтолду. Министр өз сөзүндө мамлекет башчысынын соңку жарлыктары мектеп курагындагы балдардын өнүгүүсүнө жаңы дем берерин баса белгиледи.
«Мамлекет тарабынан эң сонун шарттар түзүлүп жатат. Мисалы, кечээ Президентибиз жаңы указга кол койду. Жалпы Кыргызстандын балдарынын ден соолугун бекемдөө, алардын сабакта жетишкендигин колдоо боюнча бир маал тамагына мурда 14 сом бөлүнүп келсе, азыр бул каражат 40 сомго чейин көбөйтүлдү. Бул — келечек муунга кылынган өтө чоң колдоо болуп эсептелинет.
Ошол эле учурда, бир жума мурунку указга ылайык, Кыргыз Республикасынын 500 мектебинде балдардын интеллектуалдык оюндарын колдоо максатында шахмат ийримдери жана сабактары ачылат. Мунун баары толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат».
Адистердин айтымында, мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражаттын дээрлик үч эсеге көбөйүшү жана билим берүү мекемелерине шахмат сабагынын киргизилиши окуучулардын физикалык гана эмес, интеллектуалдык жактан да өсүшүнө чоң өбөлгө түзөт.
Комментарийлер