АЭУнун студенттери Германиянын Leonhard-Euler гранттарына ээ болушту

  • 28.10.2025
  • 0

Академиялык алмашуу жана илимий кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты.

“Ала-Тоо” Эл аралык университетинде (АЭУ) Германиядагы Цвиккау колдонмо илимдер университетинин (Westsächsische Hochschule Zwickau) профессорлору менен жолугушуу өттү.

АЭУнун студенттери Германиянын Leonhard-Euler гранттарына ээ болушту

Иш-чарага Цвиккау колдонмо илимдеринин бизнести башкаруу, башкаруучулук эсеби жана ички аудит кафедрасынын профессору, д-р Х. Кристиан Браувайлер, “Бизнес жана экономикадагы инженерия” багытынын профессору Дирк Фёрстер-Тралло, ошондой эле Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) Борбордук Азия программасынын жетекчиси д-р Гизела Циммерман катышышты.

Жолугушууда тараптар эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, эл аралык долбоорлорду өнүктүрүү жана студенттердин DAAD программаларына активдүү катышуусун колдоо маселелерин талкуулашты.

АЭУнун студенттери Германиянын Leonhard-Euler гранттарына ээ болушту

Д-р Гизела Циммерман Кыргызстандагы магистранттар жана докторанттар үчүн DAAD программалары аркылуу сунуштала турган мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып, эл аралык академиялык жана изилдөө алмашуусунун маанисин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө профессор Х. Кристиан Браувайлер тарабынан Цвиккау университети жана DAAD тарабынан каржыланган Leonhard-Euler программасынын гранттары тапшырылды. Аталган сыйлыктардын ээси болуп АЭУнун докторанттары Салтанат Жакишева менен Назарбек Акылбек уулу, ошондой эле магистранттар Мадина Мамасалиева жана Саодат Аманбаева болушту.

Бул абройлуу грант жаш изилдөөчүлөргө Германияда илимий стажировка өтөөгө, инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга жана эл аралык илимий байланыштарды чыңдоого чоң мүмкүнчүлүк берет.

АЭУнун студенттери Германиянын Leonhard-Euler гранттарына ээ болушту

Белгилей кетсек, “Ала-Тоо” Эл аралык университети Цвиккау колдонмо илимдер университети менен көп жылдан бери тыгыз академиялык жана илимий кызматташтыкты жүргүзүп, биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер