АЧЫК ЛЕКЦИЯ

  • 04.12.2018
  • 0

К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде Европанын Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкек шаарындагы программалык кеңсеси менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын “Аймактарды өнүктүрүүнүн эл аралык тажрыйбасы” деген темада ачык лекциясы өткөрүлдү.

АЧЫК ЛЕКЦИЯ

Иш-чаранын алкагында Европанын Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин өкүлдөрү Нана Барамидзе, Юрий Фенопетов, о.э. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Насыров Алмаз, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Омошев Эрмекбай төмөндөгүдөй баяндамаларын окушту:

“Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу кызматтарынын ишмердиги Грузия мисалында”; “Ачык өкмөт багытында кызматташтык”; “Аймактарды өнүктүрүү контекстинде мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу кызматтарындагы адам ресурстарынын дараметин жогорулатуунун  актуалдуу маселелери”; “Кыргыз Республикасынын Грузияга болгон делегациясынын сапарынын жыйынтыктары боюнча аймактарды өнүктүрүүдөгү эл аралык тажрыйбаны пайдалануунун практикасы жана мүмкүнчүлүктөрү”.

Лекцияны ЭАУ менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор-окутуучулар курамы, студенттери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  аппаратынын, Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызматкерлери, о.э. бир катар уюм-мекемелердин өкүлдөрү угушту.

Бөлүшүү

Комментарийлер