ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН БИРИНЧИ ТУРУ

  • 10.07.2018
  • 0

Учурда республикада жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 1-туру кызуу жүрүүдө. Кабыл алуунун жүрүшү боюнча маалыматтар ар бир окуу жайдын сайтына жайгаштырылып, ташталып жаткан талондор дароо атайын жүгүртмөлөр аркылуу коомчулукка ачык көрсөтүлүп жатат.

Быйыл кыркып таштай турган талондордо мурунку жылдардан айырмачылык бар. Мурда эки турга бюджеттик орун үчүн бирден, контракттык окууга экиден талон берилсе, бул жылы контракттык окуу үчүн бирден эле талон берилген.  Калган эки талондун ордуна 3-тур үчүн бюджетке бир, контракттык окууга бир талон берилди. Мурда 3-турда сертификаттын түп нускасы гана тапшырылчу.   Ошондо азыр биринчи турда абитуриенттер эки гана талонун пайдаланып жатышат. Бул турга талон кыркуу 11-июлда саат 14.00до токтотулуп, 12-июлда эртең менен кабыл алуу үчүн сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет. 12-14-июлда абитуриенттер өткөн окуу жайына келип, окуй тургандыгын тастыктап, документтерин тапшырышы керек. Эгерде абитуриент көрсөтүлгөн мөөнөттө келип, окуй тургандыгын тастыктап кетпесе, анда анын орду бош калат.

Гранттык орундар тууралуу

Быйыл мамлекет тарабынан 5705 гранттык орун бөлүндү. Анын 4888 Билим берүү жана илим министрлигине караштуу жогорку окуу жайларына бөлүштүрүлсө, калгандары башка мамлекеттик органдар аркылуу: Ички иштер министрлиги — 125, Саламаттыкты сактоо министрлиги — 330, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги — 237, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети – 115, Тышкы иштер министрлиги — 10 каржыланат.

Калган гранттык орундарды бөлүштүрүүдө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адистерге болгон муктаждыктар боюнча алдын-ала божомолдор (прогноздор), кадрларды даярдоодо жождор менен иш берүүчүлөр ортосунда түзүлгөн келишимдер, ар бир жождун ишке орношкон бүтүрүүчүлөрүнүн пайызы, ошондой эле жождорго жана ар бир тиешелүү адистик боюнча билим берүү ишмердүүлүгүнө берилген лицензияга ылайык студенттердин санынын чектери эсепке алынды.

 

ТармагыКадрларга муктаждыктар (КР ЭжСКнын маалыматы боюнча)Иш берүүчүлөрдүн өтүнмөлөрүнүн (заявкаларынын) саны (жождор менен келишимдер)Гранттык негизде сунушталган кабыл алуу планы
Билим берүү262555982048
Айыл чарба11215889415
Компьютердик технологиялар3761074485
Өнөр жай28711117425
Саламаттык сактоо986709405
Маданият, искусство104311297
Курулуш2391529260
Тоо-кен өндүрүү өнөр жайы5669345215
Энергетика128498125
КРнын Ички иштер министрлигинин адистиктери125125125
Коргоо100100100
Башкаруу19824895
Транспорт62820090
Байланыш12565
Гуманитардык адистиктер153471115
Туризм16911535
124545300

 

Гранттык негизде кабыл алуунун планынын долбооруна бүтүрүүчүлөрдүн 80 пайыздан ашыгы ишке орношо ала турган гана адистиктер киргизилди.

Орундарды бөлүштүрүү Билим берүү жана илим министрлигине  мамлекеттик жогорку окуу жайлардан келип түшкөн өтүнмөлөрдүн негизинде жумуш берүүчүлөр менен жождор тарабынан түзүлгөн келишимдерди эске алуу менен иштелип чыкты. Жождор менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосунда баардыгы 13074 адис даярдоого келишим түзүлгөн.

Тийиштүү ченемдик укук актыларынын талаптарына ылайык жалпы бөлүнгөн гранттык орундар  өзүнчө квоталарга бөлүнгөн:

—        50 гранттык орун – жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган абитуриенттерди конкурстан сырткары кабыл алуу үчүн;

—        140 гранттык орун — Россия Федерациясы, Тажикстан, Украина, Түркия, Беларусия менен, Шанхай кызматташтык уюмунун жана Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигинин алкагында түзүлгөн мамлекеттер аралык кызматташуу боюнча макулдашуулардагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн;

—        75 гранттык орун — чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн;

—        100 гранттык орун — I, II группадагы майып жарандарды, согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына берилүүчү жеңилдик менен кепилдиктерине теңдештирилген адамдарды, бала кезинен майыптарды, майып балдарды, жетим балдарды жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарды окууга кабыл алуу үчүн;

—        40 гранттык орун — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартында болгон окуяда, 2010-жылдын апрель, май жана июнь айларындагы болгон окуяларда каза болгон жарандардын балдары  жана кайрылман статусу бар жарандар үчүн.

Кандай адистер талап кылынат?

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2018-2022-жылдарга карата эмгек ресурстарына муктаждыктардын алдын-ала божомолунун жыйынтыгына ылайык 2021-2022-жылдар аралыгына Кыргызстанда 36,0 миңден ашуун адис талап кылынат. Көбүнчө өнөр жай, курулуш, айыл чарба, транспорт жана байланыш, кызмат көрсөтүү сектору, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарына адистердин жетишпегендиги аныкталган. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, адистиктер жана даярдоонун багыттары боюнча гранттык орундарды бөлүштүрүүдө «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын талаптары дагы эске алынды. Анда 2040-жылга чейинки Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары катары өнөр жайы (тоо-кен өндүрүү, мунайды кайра иштетүү, жеңил өнөр жайы, тамак-аш, кайра иштетүү өндүрүшү ж.б.), айыл чарбасы, энергетика, туризм көрсөтүлөт. Мындан башка, мамлекетти санариптештирүүдө IT-адистерине болгон суроо-талаптар көбөйө баштагандыктан, компьютердик технологиялар жаатындагы адистиктер үчүн гранттык орундардын саны өткөн жылга караганда көбөйтүлдү. Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунуштары боюнча маалыматтык коопсуздук жана жаштар менен иштөө багыты боюнча дагы гранттык орундардын саны көбөйтүлдү.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер