АБИТУРИЕНТ ЧАМДА, КАБЫЛ АЛУУНУН АКЫРКЫ ТУРУ ЖҮРҮП ЖАТАТ

  • 16.08.2022
  • 0

Эртең жогорку окуу жайларга кабыл алуунун акыркы туру аяктайт. Бул турга 405 гранттык, 64863 контракттык бош орун бар.

Бош орундар үчүн абитуриенттер 17-август саат 14:00гө чейин “Абитуриент online” автоматташтырылган электрондук системасы аркылуу сынакка катыша алышат.  Ал үчүн эгерде абитуриент “Абитуриент online” автоматташтырылган электрондук системасына каттала элек болсо, алгач каттоодон өтүп, тизмеден https://2020.edu.gov.kg/universities каалаган жогорку окуу жайын тандап, өтүнмө берет. Андан кийин бюджеттик жана келишимдик  негизде окууга орундардын саны, жылдык окуу акысынын өлчөмү, ЖРТнын жыйынтыгы же предметтик тесттердин зарылдыгы жөнүндө маалымат ала алат. Бир бюджеттик орунга  жана бир келишимдик орунга өтүнмө берүүгө болот. Арыздарды бир университетке же эки башка окуу жайга тапшырууга мүмкүн.

Эгерде абитуриент буга чейин электрондук системага катталган болсо кайра катталуунун зарылдыгы жок. Болгону кайра кайсы окуу жайынан кайсы адистикти тандаарын көрсөтүшү керек болот.

Билим берүү жана илим министрлигинин 13-августка карата маалыматы боюнча IV турда бюджетке – 766 абитуриент, келишимдик негизде – 2256 абитуриент катталган. Жогорку окуу жайлардын сунуштамасынан кийин бюджеттик негизде окууну — 203, келишимдик негизде окууну — 1458 абитуриент тастыктады.

IV турдун жыйынтыгы боюнча гранттык орундардын планы 91,6%, келишимдик орундардыкы 21,9% аткарылды.

Чолпон Кийизбаева, «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер