МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ЖЕМКОРЛУККА ЖОЛ БЕРБӨӨГӨ ЧАКЫРДЫ

  • 30.01.2025
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул жогорку окуу жайларынын, колледждердин, кесиптик лицейлердин жетекчилеринин тарбия иштери боюнча орун басарларынын жана айрым студенттердин катышуусунда профилактикалык кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге кээ бир окуу жайлардын жетекчилери онлайн форматта катышты.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ЖЕМКОРЛУККА ЖОЛ БЕРБӨӨГӨ ЧАКЫРДЫ

Министрдин орун басары кеңешменин катышуучуларын коррупциялык элементтер менен бирге күрөшүүгө, окуу жайларда жемкорлукка жол бербөөгө, таза жана адилеттүү иштөөгө чакырды.

Жолугушууда Абазбек уулу Расул окуу жайлардын жооптуу кызматкерлерине ыкчам маалымат алмашуу, кызматташуу жана профилактикалык иштерди, тренинг, лекцияларды системалуу түрдө өткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ЖЕМКОРЛУККА ЖОЛ БЕРБӨӨГӨ ЧАКЫРДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер