Абанын булганышын изилдеген илимий борбор түзүүгө старт берилди
- 13.06.2025
- 0
Ош мамлекеттик университети менен Токио илим институту биргеликте ишке ашыра турган “Спутниктик маалыматтарга, аймактык химиялык транспорттук моделдөөнүн негизинде абанын булганышын баалоо системасын өнүктүрүү жана абанын булганышын изилдөө борборун түзүү” долбооруна расмий түрдө старт берилди. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда ОшМУда өткөн Биргелешкен координациялык комитеттин биринчи отурумунда маалымдалды.
Отурумга Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA), Токио илим институтунун, Кыргызстандын Эл аралык жогорку медицина мектебинин коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Электрондук ден соолук борборунун, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борборунун өкүлдөрү оффлайн жана онлайн катышты.
Аталган долбоор беш жылдык мөөнөткө түзүлүп, 2025-жылдан тарта ишке ашырыла баштады. Аны Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен Илим жана технология агенттиги (JST) каржылайт. Инвестициянын суммасы – 5 млн доллар. Долбоордун алкагында ОшМУнун базасында абанын булганышын изилдеген IRCAPS илимий борбору түзүлөт. Борборду Жапония тарап каржылап, зарыл болгон жабдуулар менен камсыздайт. Анда кир абанын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири иликтенет.
Мындан сырткары Ош, Бишкек шаарларында жана башка аймактарда абанын сапатын баалоо үчүн үйдүн ичи-сыртына өлчөгүч шаймандар жайгаштырылат. Бул иштерди жүргүзүү үчүн долбоорго катышкан командалар атайын стратегиялык план иштеп чыгат. Натыйжада алынган маалыматтардын негизинде өлкөдөгү абанын сапатын көзөмөлдөөчү улуттук системага интеграциялоо каралган. Бул багытта Токио илим институту ОшМУнун адистерин атайын даярдыктан өткөрөт.
Долбоордун алкагында ОшМУда түзүлүп жаткан илимий борборго Токиодон окумуштуулар келип, адистер менен чогуу иш алып барышат. Ал жерде чогултулган маалыматтар тиешелүү мекемелерге жана кызыкдар тараптарга сунуш катары берилет.
Долбоор Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Гидрометеорология кызматы, Эл аралык жогорку медицина мектеби, Ош мэриясы, эл аралык өнөктөштөр жана кызыктар тараптар менен бирге ишке ашат. ОшМУ бул долбоордо негизги ишке ашыруучу тарап болуп саналат.
Комментарийлер