“ААЛАМ АЛПЫ АЙТМАТОВ”

  • 01.11.2018
  • 0

 М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде 30-октябрда XXI кылымдын феномени эсептелген залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналып өткөрүлгөн салтанат «Аалам алпы Айтматов» деп аталды.

“ААЛАМ АЛПЫ АЙТМАТОВ”

Атактуу жазуучунун карындашы Роза Айтматова, академиктер Абдылдажан Акматалиев, Аскар Какеев, Ч.Айтматов атындагы китеп борборунун директору, журналист Смальтбек Темиралиев, профессор Осмонакун Ибраимов, композитор жана акын Александр Дашковский  иш чаранын кадырлуу меймандары болду.

“ААЛАМ АЛПЫ АЙТМАТОВ”

КЭУнун ректору Төлөбек Камчыбеков салтанатты ачып жатып, залкар жазуучунун чыгармаларынан алган таасирлери, жолуккандыгы тууралуу кызыктуу учурлардан айтып өттү. Андан соӊ Роза Айтматова атасы Төрөкул Айтматовду, апасы Нагима Хамзаевнаны эскерип, Чыӊгыз Айтматовдун бала чагы, тарыхый доор, согуш учурундагы жазуучунун өмүрү, үй-бүлөгө түшкөн мүшкүл, кыйын кырдаалдар жөнүндө баяндады. Алтүгүл, кыйынчылык заманда жалгыз уйун уурдап кеткенде, мылтык алып, атам дегенге чейин барып, айылдан бир аксакал токтотуп калганын айтып эскерди.

“ААЛАМ АЛПЫ АЙТМАТОВ”

“Эгерде, -дейт Роза Төрөкуловна, — чындап эле атып салса Чынгыз Төрөкуловичтин тагдыры эмне болмок”-деп бир топко ойлоно калды. Бирок, Чынгыз Айтматовдун маңдайына ааламды батырып ала тургандай жазуу жазылган экен. Алакандай кыргызды ааламга тааныткан Ч.Айтматовдун элеси, ар бир чыгармасы өлбөс-өчпөс болуп калары шексиз. Роза Төрөкуловна сөзүнүн аягында жаштарга кайрылып, «силердин шартыңар, заманыңар абдан жакшы, билимиңерди тереңдедип, алдыга жылгыла» деп акыл-насаатын айтты.

“ААЛАМ АЛПЫ АЙТМАТОВ”

Академик Абдылдажан Акматалиев чыгармачылыгындагы улуу жазуучу менен байланыштырган урунттуу учурларга токтолуп, Ч. Айтматовдун чыгармалары дүйнөлүк шедеврлердин сап башында турарын айтып өттү.

Академик Аскар Какеев Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык ойлорду чечмелеп, кыргыз элинин ордо оюнундагы абалакты Айтматовдун өзүнө, чүкөлөрдү дүйнө жүзүндөгү адам баласына салыштырды.

“ААЛАМ АЛПЫ АЙТМАТОВ”

КЭУнун 1-2-курсунун студенттери Ч.Айтматовдун «Бетме-бет», «Кылым карытар бир күн», «Биринчи мугалим», “Саманчынын жолу” чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышты.  Чет тилдер кафедрасы тарабынан «Саманчынын жолу» повести боюнча сценка коюлду. Бишкек шаарындагы №70 гимназиянын окуучулары Дүйшөналиева Адинай, Дүшөналиев Азирет Ч.Айтматовдун балалык чагынан аткарып беришти. Ал сценка кыргыз, орус, англис тилдеринде тартууланды. Ошондой эле  студенттер улуу жазуучуга арналган көркөм ырларын окуп беришти. 

Товарларды таануу жана эксперттөө кафедрасы тарабынан дайындалган  улуттук тамак-аш көргөзмөсү тартууланды.

Сайнап Нурласова

Кылымдарга өчпөс болуп калдыңыз

Өтүп жатат сизди эскерүү күнүбүз,
Чексиз эле өзүңүзгө сүйүүбүз.
Кыйкырсак да бүт ааламга жар салып,
Аттиң, арман жетпейт сизге үнүбүз.

Ушул жылы 85ке толмоксуз,
Жакындардын сый-төрүндө болмоксуз.
Аткарам деп көздөп койгон иштерди,
Бир нечесин бүтүрүп да коймоксуз

Эмгек менен көтөрүлгөн баркыңыз,
Дүңгүрөгөн жазуучулук даңкыңыз.
Окуганда сиз жараткан китепти,
Жүрөк эргип, жазылчу эле жарпыбыз.

Туу чокуну багындырып алдыңыз,
Кыргыз Туусун желбиретип салдыңыз,
Кыргыз үчүн абийир, атак жаратып,
Кылымдарга өчпөс болуп калдыңыз!

 

Жапаралиева Назира, КЭУнун мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

 

Бөлүшүү

Комментарийлер