9-10-11-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ ЭКОНОМИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА КАТЫША АЛЫШАТ
- 09.01.2024
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги Борбордук Азия университети уюштуруп жаткан экономика боюнча II Эл аралык олимпиада өткөрүлөөрүн маалымдайт.
Билим берүү жана илим министрлиги Борбордук Азия университети уюштуруп жаткан экономика боюнча II Эл аралык олимпиада өткөрүлөөрүн маалымдайт.
Олимпиадага бардык мектептердин 9-10-11-классынын окуучулары акысыз негизде катыша алышат.
Эл аралык олимпиада кыргыз, орус жана англис тилдеринде үч этапта өткөрүлөт:
- Онлайн тур – 2024-жылдын 19-22-февралында өтөт (40 мүнөт – 25 тест суроосу);
- Экинчи тур – 2024-жылдын апрель айында Бишкек шаарында катышуучулардын жеке катышуусу менен өтөт;
- Финал – 2024-жылдын 1-4-сентябрында Грецияда өтөт.
Мугалим мектепти олимпиадага каттатуусу керек. Каттоо төмөнкү шилтеме боюнча 2024-жылдын 30-январына чейин ачык: https://lp.econfun.org/olympiad-in-kyrgyzstan
Бөлүшүү
Комментарийлер