№81 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ
- 04.07.2018
- 0
окутуу төмөндөгү кесиптер боюнча жүргүзүлөт
Толук эмес орто билимдин көлөмүндө (9-класс):
- Кесиби: “Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты” — окуу мөөнөтү 3 жыл
Квалификациясы:
- Жаныбарларды ветеринардык жактан кароо боюнча оператор
- “АБД” категориясындагы тракторист-машинист
- “С” категориясындагы автоунаа айдоочу
- II Разряддагы электр жана газ менен ширетүүчү
- Кесиби: “Чарбак ээси” — окуу мөөнөтү 3 жыл
Квалификациясы:
- Тигүүчү 2-3 разряд
- Ашпозчу
- Картошка, жашылча-жемиштерди жана мөмөлөрдү сактоо, кайра иштетүү боюнча оператор
- Кесиби: “Автомеханик, электр жана газ менен ширетүүчү” — окуу мөөнөтү 3 жыл.
Квалификациясы:
- Автомобилдерди оңдоочу слесарь
- III разряддагы электр жана газ менен ширетүүчү
- “С” категориясындагы автоунаа айдоочу
- Кесиби: “Тикмечи-улуттук буюмдарды жасоочу” – окуу мөөнөтү 3 жыл.
Квалификациясы:
- 2-3-разряддагы тигүүчү
- 3-4-разряддагы улуттук буюмдарды жасоочу
- Социалдык жактан коргоого муктаж болгон өспүрүмдөр үчүн реабилитациялык борбор ачылган.
- Башка айылдан келген студенттер үчүн курулган жатаканада бир эле убакта жашоо үчүн 100 адамга орун бар.
Окууну аяктаганда силердин утушуңар: квалификациялык диплом, орто билими боюнча аттестат, 3 жылдык эмгек стажысы бар эмгек китепчесине ээ болосуңар.
Мамлекет тарабынан “4” жана “5”ке окуган окуучуларга 200-350 сомго чейин стипендия чектелет, жатакана менен камсыз болот.
Толук орто билимдин негизинде: 11-класстын базасында:
- Кесиби: Ашпозчу-официант — окуу мөөнөтү 10 ай.
- Кесиби: Компьютерди жана офистик жабдууларды оңдоо жана тейлөөчү устат — окуу мөөнөтү 10 ай.
Мындан тышкары орто билимдин негизинде кыска мөөнөттөгү курстарга акы төлөп же жумушка орноштуруу борбору аркылуу окуса болот:
- «В», «С» категориясындагы айдоочу — окуу мөөнөтү 3 ай.
- «Оператор ПК» — окуу мөөнөтү 3 ай.
- «Электр-газ менен ширетүүчү» — окуу мөөнөтү 3 ай.
- «Ашпозчу» — окуу мөөнөтү 3 ай
- «Тигүүчү» — окуу мөөнөтү 3 ай.
- «Мал жандыктарын дарылоочу ветеринар» — окуу мөөнөтү 3 ай.
- «А,Б,В,Д категориясындагы тракторист-машинист» — окуу мөөнөтү 3 ай.
- «Автомобилдерди оңдоочу слесарь» — окуу мөөнөтү 3 ай
- Санитардык техникалык, вентиляциялык системаларды жана жабдууларды монтаждоо (сантехник) — окуу мөөнөтү 3 ай
- Жылуулоо жумуштарын аткара билген шыбакчы — окуу мөөнөтү 2 ай
«Карагат+» долбоору аркылуу кыска мөөнөттөгү курстар:
- Карагат өстүрүүчү — окуу мөөнөтү 7 күн
- Теплица куруучу жана өсүмдүк өстүрүүчү — окуу мөөнөтү 15 күн
- Багбанчы — окуу мөөнөтү 15 күн
ОКУУНУ АЯКТАГАНДА МАМЛЕКЕТТИК ҮЛГҮДӨГҮ КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК СЕРТИФИКАТ БЕРИЛЕТ
Окуу жайдын дареги: Тоң району, Бөкөнбаев айылы, Кыргыз көчөсү №54. Тел. 0(3947) 91-5-41, 91-4-69
Окууга тапшыруу үчүн кабыл алынуучу документтер:
- Арыз.
- Билими тууралуу күбөлүк (9-кл), аттестат.
- Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк.
- №086 формасындагы медициналык маалымдама (справка).
- Жашаган жеринен үй-бүлөсү тууралуу маалымдама.
- 3х4 см формасындагы сүрөт.
Комментарийлер