80 ОКУУЧУ АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫН АЛАТ

  • 20.06.2022
  • 0

2021-2022-окуу жылында “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы боюнча 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алуу укугун ырастады.

 

Алар:

  • Баткен облусу —  3 окуучу
  • Бишкек шаары — 37 окуучу
  • Жалал-Абад облусу — 11 окуучу
  • Нарын облусу — 1 окуучу
  • Ош шаары — 3 окуучу
  • Ош облусу — 15 окуучу
  • Талас облусу — 3 окуучу
  • Чүй облусу — 1 окуучу
  • Ысык-Көл облусу — 6 окуучу

Техникалык комиссия кайрылууларды карап чыккандан кийин, 16-июнда аттестациянын жыйынтыгы бекитилди.

Билим берүү жана илим министрлиги Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борборуна быйылкы тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын механизмдерин өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктаган бүтүрүүчүлөрдүн тизмеси (файл).

/media/uploads/2022/06/20/22_qP4Y2Gn.xlsx

Бөлүшүү

Комментарийлер