8-НОЯБРДАН ТАРТЫП МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ КҮЗГҮ КАНИКУЛГА КЕТИШЕТ

  • 02.11.2021
  • 0

2021-2022-окуу жылында мектеп окуучулары үчүн каникул мезгили, 5 күндүк окуу аптасын эске алганда, 29 календардык күндү түзөт.

Күзгү каникул – 7 күн: 2021-жылдын 8-ноябрынан 14-ноябрына чейин, сабактар 2021-жылдын 15-ноябрынан башталат.

Кышкы каникул – 12 күн: 2021-жылдын 31-декабрынан 2022-жылдын 11-январына чейин, сабактар 2022-жылдын 12-январынан башталат.

Жазгы каникул – 10 күн: 2022-жылдын 21-мартынан 30-мартына чейин, cабактар 2022-жылдын 31-мартында башталат.

1-класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча апталык каникул күндѳрү берилет.

Эске сала кетсек, 2021-2022-окуу жылында менчиктин бардык типтериндеги жана формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.

 

КР БИМ басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер