7-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН ИНДОНЕЗИЯНЫН DARMASISWA СТИПЕНДИЯСЫНА ТАПШЫРУУГА БОЛОТ

  • 28.03.2023
  • 0

Индонезия Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлиги 2023-2024-окуу жылына Дармасисва билим берүү программасына кабыл алууну жарыялайт.

7-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН ИНДОНЕЗИЯНЫН DARMASISWA СТИПЕНДИЯСЫНА ТАПШЫРУУГА БОЛОТ

Darmasiswa — эл аралык студенттер үчүн 10-12 айлык окуу мөөнөтү менен илимий даража берилбеген стипендиялык программа болуп саналат. Студенттерге Индонезиядагы 68 жогорку окуу жайлардын биринде индонезия тилин, искусствосун жана маданиятын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Онлайн катталуу 2023-жылдын 7-апрелине чейин жүрөт — https://apply.darmasiswa.kemdikbud.go.id/

Программага катышуунун шарттары жөнүндө кененирээк маалымат — https://darmasiswa.kemdikbud.go.id/

Программага байланышкан суроолор боюнча Ташкенттеги Индонезиянын элчилигине телефону +(998-71) 232-0236 to 38 же https://kemlu.go.id/tashkent/lc аркылуу кайрылсаңыз болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер