55 СОЦИАЛДЫК ПЕДАГОГ ҮЧҮН МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫНА ПСИХОЛОГИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ КУРСТАРЫ ӨТКӨРҮЛӨТ

  • 12.04.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин “Социалдык педагогдорунун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарын өткөрүү жөнүндө” буйругу чыкты.

55 СОЦИАЛДЫК ПЕДАГОГ ҮЧҮН МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫНА ПСИХОЛОГИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ КУРСТАРЫ ӨТКӨРҮЛӨТ

Буйрукка ылайык, Талас жана Панфилов райондорунда “Миграциянын себебинен калтырылган жана жабыркаган балдарды психологиялык-педагогикалык колдоо” базалык изилдөөсү жүргүзүлөт. Ошондой эле 2023-жылдын апрелинен сентябрына чейин 55 социалдык педагог үчүн психологиялык-педагогикалык жардам көрсөтүү боюнча курстар өткөрүлөт.

Иш-чаралар Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, “Балалык Институту” коомдук фондунун катышуусунда жана Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Борбордук Азияда чек араларды башкарууга көмөктөшүү программасынын (БОМКА 10) долбоорунун алкагында уюштурулат.

Бөлүшүү

Комментарийлер