50 БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛАТ

  • 14.01.2021
  • 0

Билим берүү мекемелеринин базасында 50 билим берүү борбору ачылышы күтүлүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Самара Омуралиеванын айтымында, үч сааттык мөөнөттөгү ал борборлордо базалык окутуу программасы гана камтылмакчы.

— Билим берүү борборлору үчүн атайын имарат салуунун кереги жок, алар мектеп, бала бакча жана башка билим берүү мекемелеринин базасында ачылгандыктан, ага өзүнчө каражаттар жумшалбайт. Бир гана мугалимдер үчүн кошумча айлык акы төлөп берүү боюнча министрлик эсеп-кысаптарды жүргүзөт, башкача айтканда, бир ставкада иштеген мугалимге кошумча 0,25 ставка кошулат. Үч сааттык кыска мөөнөттүү программанын алкагында тамак-аш, уктоо, эс алдырып ойнотуу каралбайт, — дейт Самара Кыдырмаевна.

Болжолдуу санда 25-30 баланы батыра турган имараттар райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан сунушталып, ага ылайыктуу шарттар жергиликтүү бийлик органдары тарабынан түзүлмөкчү.

Министрлик тарабынан түзүлгөн комиссия январь айынын аягына чейин ал жайларга мониторинг жүргүзөт да, комиссиянын чечими менен тандалган борборго тиешелүү буйрук чыгарат.

Ал борборлорго тартыла турган үч жаштан алты жашка чейинки балдарды окута турган мугалимдер үчүн атайын курстар ачылып, даярдыгы жок адистер атайын даярдыктан өтүшмөкчү. Ал борборлорго келечекте сегиз миңге жакын баланы камтуу пландаштырылууда. Биринчи кезекте ага социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн жана мигранттардын балдары тартылат.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер