5 ЖОЖго ӨЗГӨЧӨ СТАТУС ЫЙГАРЫЛАТ

  • 12.07.2022
  • 0

8-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңешинин кезектеги отуруму өттү.

 

Отурумда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баяндама жасап, доклад кеңеш мүчөлөрү тарабынан жактырылды.

5 ЖОЖго ӨЗГӨЧӨ СТАТУС ЫЙГАРЫЛАТ

Жолугушууда илим тармагын реформалоо, өлкөдөгү илимий изилдөөлөрдүн санын жогорулатып, сапатына басым жасоого багытталган конкреттүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйынтыгында:

* Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет;

* Кыргыз экономикалык университетине(КЭУ) «илимий изилдөө университети» макамы ыйгарылат;

* Эми Улуттук илимдер академиясы жогорку окуу жайлар менен интеграцияланып, илимий изилдөө иш-чараларын жүргүзөт, тагыраагы, ЖОЖдордо илимий изилдөөнү жүргүзүүгө өзгөчө басым жасалат;

* Мындан ары илим тармагын бир гана Билим берүү жана илим министрлиги жөндөйт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жолугушуунун жыйынтыгында конкреттүү тапшырмаларды коюп, кечиктирилгис чаралар көрүлүүсү керектигин баса белгиледи. Ага ылайык, эми ар бир министрлик өздөрүнө тиешелүү профилдик институттарга бюджетинин 2%ын, ал эми жер казынасын пайдалануу жаатында иш алып барган компаниялар кирешесинин 1%ын илим жана билим тармагына жумшамай болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер