30 ЖЫЛДЫККА АРНАЛГАН АДАБИЙ КЕЧЕ

  • 26.08.2021
  • 0

Бишкек шаардык борбордук китепканада Эгемендикке ээ болгонубуздун 30 жылдыгына арналган адабий-музыкалуу жолугушуу өттү.

Кечени уюштуруучулардын бири, китепкананын коомдук байланыш боюнча адиси Догдурбек Юсуповдун айтуусунда, патриоттук ырлар менен кошо обондуу ырлар коштолгон кечеге чакырылган меймандар эгемендиктин маани-маңызы жана баалуулуктары, көйгөйлөрү жөнүндө кеңири сөз кылышып, жарандык жана махабат темасындагы ырларынан окуп беришти.

30 ЖЫЛДЫККА АРНАЛГАН АДАБИЙ КЕЧЕ

— Шаардык китепкананын кызматкерлери, окурмандары белгилүү жазуучу-публицист, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын эки жолку лауреаты, Алыкул музей-үйүнүн директору Памирбек Казыбаев, акын эжекебиз Айша Алиевалардын аксакалдык каалоо-тилектерин угушуп, Василя Турумбетова менен Назира Токтоеванын эгемендикке арналган ырларына күбө болушту. Маданият өкүлдөрү менен маал-маал ушундай жолугушууларды уюштуруп, саясат жана пандемиядан чарчап турган элдин маанайын көтөрүп, көкүрөгүнө патриоттук сезимдин үрөнүн себе беришибиз керек экендигине дагы бир жолу ынандым  — дейт Д.Юсупов.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер