25 ОКУТУУЧУ ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕН ӨТҮҮДӨ

  • 25.09.2023
  • 0

Бүгүн, И.Арабаев атындагы КМУда Бишкек колледждеринин 25 окутуучусуна инклюзивдүү билим берүү боюнча тренинг башталды.

25 ОКУТУУЧУ ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕН ӨТҮҮДӨ

Тренинг Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Ага чет мамлекеттерден инклюзивдүү билим берүү боюнча тренинг-семинарлардан өтүп келген, тажрыйбалуу тренерлер чакырылган.

Билим берүү окуу жайларында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды бөлбөй, жалпы окуучулар менен чогуу окутуу жана ошондой эле алардын ден соолугунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жекече мамиле кылуу өтө маанилүү. Буга байланыштуу, тренингден окутуучулар аталган студенттерге педагогикалык жана психологиялык жактан туура мамиле жасоону, башкача айтканда, алардын муктаждыктарын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим алуунун бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун ыкмаларын үйрөнүп чыгат.

Тренингден өткөн окутуучулар сертификатка ээ болуп гана тим болбостон, колледждер жана кесиптик лицейлердин окутуучуларын инклюзивдүү билим берүү боюнча окутууга мүмкүнчүлүк алат. Бул, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларына мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерди көбүрөөк тартуу жана алардын толук кандуу билим алуусуна шарт түзүүгө көмөк көрсөтөт.

 

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер