2021-ЖЫЛЫ МЕКТЕПТЕР КОМПЬЮТЕР МЕНЕН ТОЛУК КАМСЫЗ БОЛОТ

  • 29.10.2020
  • 0
2021-ЖЫЛЫ МЕКТЕПТЕР КОМПЬЮТЕР МЕНЕН ТОЛУК КАМСЫЗ БОЛОТ

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев келе жаткан жылы Евро биримдиктин долбоору аркылуу 1200 мектеп, б.а. мектептердин 55% толук компьютер менен камсыздала тургандыгын бүгүнкү түз эфирде билдирди.

2021-ЖЫЛЫ МЕКТЕПТЕР КОМПЬЮТЕР МЕНЕН ТОЛУК КАМСЫЗ БОЛОТ

Министрдин айтымында, бул копьютерлер 2021-жылдан баштап  келип баштайт.

— Буюрса, ушул долбоордун алкагында республика боюнча мектептер 100% компьютер менен камсыз болот деп турабыз. Анткени жарымын жылыштырып, оптимизация кылабыз. Жетпей калгандарына кошумча донорлорду тартабыз. Мисалы, Азия өнүктүрүү банкына 50 мектепти берсек,  башка донорлор дагы бар. Буюрса, мектептерди компьютер менен жабдуу маселеси толук чечилет, — дейт министр өз сөзүндө.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии