2020-ЖЫЛДЫН ОРТО МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ «АЛТЫН СЕРТИФИКАТТАРДЫ» ТАПШЫРУУ АЗЕМИ

  • 28.07.2020
  • 0

Быйыл өлкө боюнча 67 бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» татыктуу болду.

Бүгүн, 28-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков аларга «Алтын сертификаттарды» тапшырды.

Салтанаттуу иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

«Биз материалдык байлыкты эмес, руханий байлыкты бийик тутуп, сактап, муундан муунга өткөрүп  келген элбиз. Силер сындуу алдыңкы жаштарыбыз ушул жолду улантат. Биз өлкөнү илим-билим аркылуу алга сүрөгөн азаматтар аз эмес экенине ишенебиз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы бүгүнкүдөй глобалдык атаандаштык мезгилинде атуулдук сезими күчтүү болгон жогорку билимдүү жаштар жашаган өлкөдө артыкчылык болорун баса белгиледи.

«Биз силерге чоң ишеним, бийик үмүт артабыз.  Силерди даңктуу жолду кадыр-барк менен улантып, элибиздин келечеги үчүн жан үрөп иштейт деп күтөбүз», — деп жыйынтыктады Президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүтүрүүчүлөргө сертификаттардан сырткары эстеликке белектерди тапшырды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер