Т.КАСЫМБЕКОВДУН 95 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН РЕСПУБЛИКАЛЫК АЙТЫШ ӨТӨТ
- 25.09.2026
- 0
Ош шаарынын күнүнө карата жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт.
Ош шаарынын мэриясы, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жаткан салтанаттуу иш-чаранын башкы максаты — элдин тарыхын, маданий мурастарын даңазалоо, улуттук нарк-насилди жайылтуу жана төкмөлүк өнөрдү өнүктүрүү.
Айтыштын тандоо туру Бишкек шаарында 1-октябрда Кыргыз улуттук «Манас» театрында, ал эми түштүк аймагынын катышуучулары үчүн 3-октябрда Ош шаарында өткөрүлөт. Тандоо турларынын жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан эң жогорку упай топтогон 12 акын финалга жолдомо алат.
Республикалык айтыштын финалдык баскычы 3-октябрь күнү саат 17:00дө Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык-драма театрында башталат.
Чыгармачыл мелдештин байге фонду 1 000 000 сомду түзөт.
А.К., «КБ»