КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ПРЕДМЕТТЕРИ БОЮНЧА ФУНКЦИОНАЛДЫК АНАЛИЗДИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 09.07.2026
  • 0

2026-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, министрликке караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемеси жана ЮНИСЕФ биргеликте маанилүү иш-чара өткөрдү. Анда 7–9-класстардын «Кыргыз тили» жана «География» предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерине (ОМК) жүргүзүлгөн функционалдык анализдин жыйынтыктары ортого салынды.КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ПРЕДМЕТТЕРИ БОЮНЧА ФУНКЦИОНАЛДЫК АНАЛИЗДИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ«Окуу китеби» мекемесинин жумушчу топтору аныктаган көйгөйлөр менен окуу куралдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды талкуулоого Агартуу министринин орун басарлары Альберт Махметкулов, Надира Джусупбекова, Кыргыз билим берүү академиясынын, ЮНИСЕФтин өкүлдөрү, ошондой эле авторлор, эксперттер жана методисттер катышты.

Бул иштер Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ), Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк (GPE) жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен өтүп жаткан «Smart-Ed» (2025–2029) биргелешкен долбоорунун алкагында ишке ашууда. Долбоордун негизги максаты — 12 жылдык билим берүү моделине өтүү шартында жаңы муундагы окуу куралдарын иштеп чыгуу, санариптик контентти түзүү, заманбап ыкмаларды киргизүү жана инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу болуп саналат.КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ПРЕДМЕТТЕРИ БОЮНЧА ФУНКЦИОНАЛДЫК АНАЛИЗДИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫЖыйындын жүрүшүндө окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүүгө, компетенттүүлүккө негизделген окутууну күчөтүүгө жана келечектеги окуу китептеринин мазмунун сапаттуу кылууга өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чаранын биринчи күнүнүн жыйынтыгында катышуучулар сунуштарды жалпылап, аларды кийинки күнү тематикалык тегерек столдордо кеңири талкуулоо чечимине келишти.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер