17 МЕКТЕП, 3 БАЛА БАКЧА: БИЛИМ ОРДОЛОРУ КУТ БОЛСУН!

  • 06.10.2026

Бүгүн, 6-октябрда, республика боюнча жаңы салынган 17 мектептин жана 3 бала бакчанын ачылыш аземи бир убакта өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Курулуш министри Нурдан Орунтаев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышты.

Жаңы билим берүү объектилеринин ачылыш аземи бирдиктүү форматта уюштурулуп, түз эфир аркылуу көрсөтүлдү.

Жаңы мектептердин жана бала бакчалардын пайдаланууга берилиши өлкөдө билим берүү инфраструктурасын кеңейтүүгө, окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана мектептердеги орун тартыштыгын азайтууга багытталган.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү