№17 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

  • 04.07.2018
  • 0

№17 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү даярдаган аземдүү кийимдердин моделдери

 

№17 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

 

№17 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

Бюджеттин негизинде орто жалпы билим (11-кл) базасы менен окуу мөөнөтү 10 ай:

— Тикмечи

бюджеттин негизинде негизги  жалпы билим

(9-кл) базасы менен окуу мөөнөтү 10  ай:

— Тигүүчү

 Контракттын негизинде:

9-11-класстын  базасында окуу мөөнөтү 10 ай

— аялдардын жеңил көйнөгүн бычып билүү менен тикмечи

— аялдардын сырткы кийимин бычып билүү менен тикмечи

— Чач тарач-визажист

Кыска  мөөнөттүү курстар:

—  аялдардын жана  эркектердин  сырткы кийимин бычмачы – 6 ай

— аялдардын көйнөгүн бычып билүү менен  тикмечи – 6 ай

— аялдардын жеңил көйнөгүн бычмачы — 3 ай

— тигүү өндүрүшүндөгү слесарь оңдоочу — 3 ай

— лекалолорду жайгаштыруучу, бычмачы — 2 ай

— тигүүчү – 2 ай

— чач тарач – 3 ай

— саймачы — 2,5 ай

— тикмечи — 3 ай

— визажист — 1 ай

Калкты иш менен камсыз кылуу борборунун жолдомосу менен, ишсиз калктын келишиминин негизинде кыска мөөнөттүк курстар:

— тигүү өндүрүшүндөгү слесарь оңдоочу — 3 ай

— чач тарач — 3 ай

— тигүүчү — 2 ай

— лекалолорду жайгаштыруучу, бычмачы — 2 ай

№17 кесиптик лицейдин сабак бөлмөлөрү окуу куралдары менен жабдылган. Сабактан кийин окуучулар өндүрүштүк цехтерде тигүү кесибинин негиздерин калкка керектүү продукция чыгаруу менен бекемдейт. Бюджеттик тайпаларынын окуучуларына стипендия төлөнөт.

Муктаж болгондор акысыз жатакана менен камсыз болушат.

Окууну аяктагандарга жумушка орношууга көмөк көргөзүлөт.

Окууга кирүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

 

  1. Негизги жалпы(орто) билими тууралуу күбөлүк (түп нускасы)
  2. Ден-соолугу жөнүндө тастыктама №086
  3. Жашаган жеринен тастыктама
  4. Фото сүрөт 3х4 – 4 даана
  5. Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк
  6. Арыз.

Сиздерди биздин окуу жайда көргөнгө кубанычтабыз!!!

Биздин дарек:  Бишкек ш. Чуй проспектиси, 107

тел: 0312 360135;       0312 689203

Ленская көчөсү – 35 а (Профсоюзная көчөсү менен кесилет,  Фучика району)

0 312 346619, 346646

Бөлүшүү

Комментарийлер