«ЫСЫК-КӨЛ — БАЛДАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН»

  • 24.06.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий адеп — ахлагын өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө» Концепциясын ишке ашыруу алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан «Ысык-Көл — балдардын көзү менен» аттуу салтка айланган Эл аралык слетуна  Ош облусунан жана Ош шаарынан 90 лидер окуучулар, окуунун мыктылары, облустук, республикалык сынактардын женүүчүлөрү, алардын алты жетекчиси менен катышып жатат.

"ЫСЫК-КӨЛ - БАЛДАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН"

Лидер окуучуларга колдоо көрсөтүп, лагерге путевкаларды Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Ош шаарынын мэриясы, райондордун акимдери, айыл өкүмөт башчылары жана ата-энелер камсыздап берип, келечек ээлерине мыкты мотивация берүүгө шарт түзүп  беришти. Лидер балдар башка мамлекеттерден жана республиканын жети дубанынан келген лидерлер менен түркүн сынактарга, тренинг, мастер-класстарга катышуу менен бирге эс алышат жана достошуп кайтышат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер