16-сентябрда Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын 2023-жылкы Кубогунун финалдык беттеши өтөт

  • 15.09.2023
  • 0

16-сентябрда Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын 2023-жылкы Кубогунун финалдык беттеши өтөт

16-сентябрда Бишкектин башкы спорттук аренасы болгон Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Кыргызстандын 2023-жылкы Кубогунун финалдык беттеши орун алат. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Кубок үчүн чечүүчү оюнда өлкөнүн учурдагы чемпиону — «Абдыш-Ата» (Кант шаары) жана Премьер-лиганын дебютанты «Мурас Юнайтед» (Жалал-Абад шаары) футболдук клубдары кез келишет. Оюн саат 20:00дө старт алат.

Кыргызстандын Кубогу 32-жолу ойнотулат. Премьер-Лигага бул жылы гана кошулган «Мурас Юнайтед» менен кубоктун учурдагы жана бешинчи жолку ээси «Абдыш-Ата» олжо үчүн талашка түшүп, оюндун көрүүчүлөрүн эң кызыктуу финал күтөт.

Беттештин түз берүүсү «Кыргыз Спорт ТВ» каналынын Ютуб платформасында жана Мегалайн, Акнет, Неотелеком кабелдик түйүндөрүндө жеткиликтүү болот.

Билеттер https://kassir.kg/ сайтында сатыкта.

Бөлүшүү

Комментарийлер