15 МУГАЛИМГЕ ЖЕР ТИЛКЕ

  • 30.08.2022
  • 0

Ош облусунда 15 мугалимге үй салуу үчүн жер тилкелерин алуу укугун камсыздаган сертификат берилди. Бул тууралуу Ош облустук администрациясынан билдиришти.

Жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанатта ошондой эле мыкты окуп, мектебинин атын чыгарган алдыңкы окуучуларга, б.а. «Алтын Тамга», «Алтын сертификаттын» ээлерине, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө, алар окуган орто мектептерге жана мугалимдерге акчалай сыйлык жана ардак грамоталар ыйгарылды.

Ошол эле иш-чарада Ош облусундагы “Мыкты мектеп” жана “Мыкты бала бакча” аталышына татыктуулар аныкталып, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов 10 миң сомдон акчалай сыйлык жана диплом менен сыйлады.

Тандоого ылайык, Кара-Суу районундагы Маданият орто мектеби “Мыкты мектеп” аталса, “Мыкты инновациялык мектеп” аталышына Кара-Кулжа районундагы Бегиев атындагы орто мектеп татыктуу болду. Ал эми бала бакчалардан Өзгөн районундагы “Жыргалай” бала бакчасы “Мыкты бала бакча” аталышына ээ болсо, Кара-Кулжа районундагы “Мээрим” бала бакчасы “Мыкты инновациялык бала бакча” деп табылды. Мектептерге салыштырмалуу бала бакчалар арасында жеңүүчүлөр арбын болду. Шаардагы мектепке чейинки мекемелердин ичинен Өзгөн шаарындагы “Аймээрим” бала бакчасы “Мыкты шаардык бала бакча”, Ноокат районундагы “Келечек” бала бакчасы “Мыкты типтүү бала бакча” аталды.

А.Кашыбаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер