ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ — КЫРГЫЗСТАНДЫК ПЕДАГОГ

  • 06.10.2022
  • 0

Кыргызстандык тарбиячы Салтанат Кеңешчоро кызы 5-октябрда өткөн «Педагогикалык чеберчилик» фестивалында 1-орунду ээледи.  Фестивалга Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Тажикстан өлкөлөрүнөн  келген 51 бала бакча өкүлү катышкан.

Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалынын экинчи этабына кыргызстандык педагог Салтанат Кеңешчоро кызы 2022-жылдын март айынан июнь айына чейин өткөн сырттан окуу этабына жолдомо алган.

ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ - КЫРГЫЗСТАНДЫК ПЕДАГОГ

Эл аралык педагогикалык фестивалдын жеңүүчүлөрү катары Бишкек жана Ош шаарларынын бала бакчаларынын өкүлдөрү Астана шаарында мастер-класс өткөрүп, Кыргызстандын алдыңкы педагогикалык тажрыйбасын жайылтышты. Өлкөбүздүн мектепке чейинки педагогикасынын чеберчилигин жүзүн көрсөтүп, эл аралык деңгээлде таламын талашкан педагогдор:
Кеңешчоро кызы Салтанат — Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору;
Дууланова Индира Батырбековна — Бишкек шаарындагы №22 бала бакчанын директору;
Нагаева Маргарита Юрьевна — Ош шаарындагы №61 «Ак Каркыра» бала бакчасынын тарбиячысы болду.

Айта кетсек, Астана шаарында мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин жаңы реалдуулукта билим берүүсү жана пандемиядан кийинки мезгилде билим берүү процессинин трансформациясы” аттуу темада  VII съезди өтүп жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер