12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТЫ КАНДАЙ БОЛУУГА ТИЙИШ?
- 08.01.2025
- 0
8-9-январда Билим берүү жана илим министрлигинде мектепке чейинки билим берүүнүн жана жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын талкуулоо, предметтик стандарттардын макетин түзүү жана окуу планынын түзүмүн иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтордун жыйыны болуп өттү.
Уюштуруучулардын айтымында, бул маанилүү иш-чаранын максаты мамлекеттик билим берүү стандарттарын талкуулоо (мектепке чейинки жана жалпы билим берүү); фундаменталдык документ катары мектептик билим берүүнүн ар кандай баскычтарында предметтик стандарттарды иштеп чыгуу талаптарын жөнгө салуучу жалпы билим берүүчү мектеп үчүн предметтик стандарттын бирдиктүү моделин түзүү болуп саналат.
Бул жыйын Мамлекеттик билим берүү стандартын (мектепке чейинки жана жалпы билим берүү) талкуулоо жана аны Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын кароосуна, андан кийин коомдук талкууга киргизүү; предметтик стандарттардын түзүмүн жана бөлүмдөрүн аныктоо жана макулдашуу; башталгыч жана орто мектептердин окуучуларында кандай билимдерди, жөндөмдөрдү, көндүмдөрдү жана компетенцияларды өнүктүрүү керектигин аныктоо; Кыргызстандын жана дүйнөнүн практикасын эске алуу менен билим берүү программаларын иштеп чыгуунун жалпы ыкмаларын талкуулоо милдеттерин өз алдына койду.
Белгилүү болгондой, учурда Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын жана Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мамлекеттик стандартынын долбоорлору иштелип чыкты.
12 жылдык мектептин талабына жараша иштелип чыккан бул эки долбоордун мурунку Билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарынан кандай айырмасы же артыкчылыгы бар экенин билүү үчүн семинардын катышуучусу, жумушчу топтун мүчөсү, Республикалык мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Алмаз Токтомаметовго кайрылганыбызда ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
— Буга чейин бул мамлекеттик билим берүү стандарттарынын ортосунда байланыш дээрлик жок болсо, бул жолу бир буйрук менен эки жумушчу топ түзүлүп, ал эки топ тыгыз байланышта иштеди. Ар бир топтун иштеп чыккан материалдары чогуу талкууланып турду. Бул биринчи жолу эки мамлекеттик стандарттын ортосундагы ырааттуулукту камсыз кылды. Экинчи негизги өзгөчөлүк катары мамлекеттик стандарттардын негизин баалуулуктар түздү, алардын негизинде балдар ээ боло турган компетенттүүлүктөр жана сабаттуулуктар иштелип чыгып, бүтүрүүчүлөрдүн моделдери даярдалды. Б.а. бала инсан катары каралып, анын жеке кызыкчылыктары, мүмкүнчүлүктөрү, мүнөзүнүн калыптануусу, эмоциясын башкара алуусу ж.б. эске алынды. Кийинки өзгөчөлүк катары бул долбоорлордун абдан кыска жана түшүнүктүү тил менен жазылганын белгилөөгө болот.
Талкууга катышкандар «Бул маанилүү мамлекеттик документтер кимге багытталып жазылганын аныктап алышыбыз керек?» деген суроого жооп издешти.
— Бизде предметтик стандарттар бар, окуу программасы бар. Тилекке каршы, предметметтик стандарт мугалимге жетпейт жатат. Муну моюнга алышыбыз керек, — деди жумушчу топтун мүчөсү Мурат Иманкулов.
Мурат Иманкуловдун сөзүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү Чынар Аттокурова колдоого алып, өзүнүн байкоолору менен бөлүштү:
— Мугалимдердин колунда дагы деле предметтик стандарттар жок. Жыл сайын мугалимдерге «kao kg электрондук дарегинен көчүрүп алгыла» десек, ошол дарекке кирип, көчүрүп ала алышпайт. Анткенге санариптик көндүмдөрү жетишпейт. Ушундан улам кээ бирөөлөр башталгыч мектептин төрт предмети боюнча даяр сабактын иштелмелеринин комплектисин 5000 сомдон, август айында предметтер боюнча окуу программаларын 250 сомдон, математика мугалимдерине ПИЗА боюнча колдонмолорду өз каражаттарына басмадан чыгарып алышып сатып жүрүшөт. Мен өзүм «PISAнын компетенцияларын калыптандыруу аркылуу окуучулардын математикалык сабаттуулугун жогорулатуу» боюнча мугалимдерге семинар-тренингдерди өттүм. Ошондо математик мугалимдерден бирөөсү да предметтик стандартты колдонбогондугун, предметтик компетенттүүлүктөр менен мазмундук тилкелерди билбегендигин байкадым. Группадан эки-үч гана мугалим предметтик компетенттүүлүктү билери белгилүү болду. Көпчүлүк мугалимдер сабактын иштелмелерин даяр методикалык колдонмодон өзгөртүүсүз эле көчүрүп алышат.
Жыйында мамлекеттик билим берүү стандарты, анын негизинде түзүлгөн предметтик стандарттар эң биринчиден мугалимге багытталган үчүн аны мүмкүн болушунча түшүнүктүү кылып жазып чыгуу зарыл экени белгиленди.
— Билим берүү министрлиги мамлекеттик стандартты кыскарткыла дегенде таң калганбыз, «32 беттегинин баары мугалимге керек да, кантип кыскартабыз?» дегенбиз. Азыр чынында кыскартуу маселеси келип чыкты. Бизде мамлекеттик стандарт, предметтик стандарттар, окуу планы, окуу программасы, тематикалык план дегендер бар. Ар биринин өзүнчө функциясы бар, ошон үчүн мамлекеттик стандартты коркпой эле кыскартууга барышыбыз керек. Эң башкысы, мамлекеттик билим берүү стандарты кыска, так, түшүнүктүү, жеткиликтүү, анан дагы инсандын өнүгүүсүнө багытталган болушу зарыл. Аны каалаган учурда өзгөртө да алышыбыз керек, — деди Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева.
Жумушчу топтун мүчөсү Калыйман Жунушалиева предметтик стандарттардын түзүлүшү мамлекеттик стандарттардын түзүмүнө таянып иштелип чыгышы керек, мында системалуу мамилени жетекчиликке алышыбыз зарыл деген пикирин айтса, ЮСАИДге караштуу «Окуу керемет!!» долбоорунун менеджери Алия Беркутова
предметтик стандарт министрликтин коллегиясынын жыйынында каралып бекитилерин, ошондуктан жыйында стандарттын ичинде кандай бөлүмдөр болот, ошого көңүл бурсак деген сунушун ортого салды.
Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынан Фариза Солтогулова Билим берүү жөнүндө мыйзамда предметтик стандарттар тууралуу бир да сөз жок экенин, ал жерде мамлекеттик стандарт жана окуу программасы гана көрсөтүлгөнүн белгилеп, мугалимдер үчүн предметтик стандарттардын зарылдыгы барбы деген маселени койду.
Бул суроо жыйында кызуу талкууну жаратты. Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева отургандарга предметтик стандарттар менен окуу программасынын айырмасын так ажыратып, предметтик стандарттар окуу китебин, окуу программаларын түзүүчүлөргө, окуу программасы болсо күн сайын сабак өткөн мугалимдерге көбүрөөк зарыл экенин белгиледи. Ошол эле учурда экөөсүн тең билим берүү процессинин бардык катышуучулары билүүгө тийиш деген пикирди айтты.
Ошентип, талкуулоонун жүрүшүндө долбоорлордун артыкчылыктуу жактары белгиленип, аларды жакшыртуу боюнча сунуштар берилди. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мамлекеттик стандартынын акыркы бүткөн вариантын бир жумадан кийин, Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын бүткөн вариантын эки жумадан кийин тапшыруу маселеси жумушчу топторго жүктөлдү.
Белгилей кетсек, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жаңы жыл алдындагы өзүнүн отчеттук маалымат жыйынында 2025-жылы аткарылуучу иштердин катарында 12 жылдык мектепте билим берүүнүн жаңы билим берүү стандартын, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн предметтик стандарттарын иштеп чыгуу милдети турганын баса белгилеп айткан болчу.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер