12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮДӨ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН РОЛУ ТАЛКУУЛАНУУДА
- 05.11.2026
- 0
Бүгүн, 5-ноябрда, Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин №12 кесиптик лицейинин базасында «12 жылдык билим берүү системасында кесиптик башталгыч билим берүүнүн ролу» темасында республикалык семинар башталды.
Иш-чарага кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын жетекчилери, министрликтин өкүлдөрү жана тармактын адистери катышууда.
Семинардын ачылышында Б.Т. Акулова сөз сүйлөп, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү жана окуучулардын өз алдынча изденип, билим алууга болгон кызыгуусун арттыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Ошондой эле семинардын алкагында 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында профилдик окутууну өнүктүрүү, дуалдык окутууну кеңейтүү, эмгек рыногунун талабына ылайык жаңы адистиктерди киргизүү, окуу-өндүрүштүк базаны чыңдоо жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу маселелери талкууланууда. 
Иш-чаранын негизги максаты — кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү, билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу жана 12 жылдык билим берүү системасында кесиптик билим берүүнүн ролун арттыруу.
Мадина КУРБАНОВА, “ Кут Билим”