№10 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ — ИЙГИЛИК БИЗДЕН БАШТАЛАТ!

  • 03.07.2018
  • 0

КОШ КЕЛИҢИЗ, БҮТҮРҮҮЧҮ!

№10 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ - ИЙГИЛИК БИЗДЕН БАШТАЛАТ! №10 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ - ИЙГИЛИК БИЗДЕН БАШТАЛАТ!

Сиздин тандооңуз келечегиңиздин ачкычы. Заман талабындагы кесиптин ээси болом десең, анда № 10 кесиптик лицей сен үчүн эшигин кенен ачат!

№ 10 кесиптик лицейин  тандап, татыктуу билим алсаңыз жаңылышпайсыз. Лицейде өткөргөн убакыттарыңыз, сиздеги катылып жаткан жөндөмдүүлүктөрүңүздү колдонууга жардам бере алат деп ишенебиз.

Кесиптик лицейдин  кеңири тарыхы, салттары жана жакшы материалдык базасы бар. Бул жерде заманбап стандарттарга жооп берген жаңы технологиялар боюнча кесиптик билим ала аласыз. Борборубуздун жогорку класстагы “Ала-Тоо”, “Тагай-Бий”, “Тюбетейка”, “Алтын-Казына”, “Сенатор”, “Жаннат” сыяктуу ресторандарында, “Куликовский торт”, “Мир сладостей”, “Сладости востока” сыяктуу кондитер ишканаларында, Ысык-Көлдүн “Алтын-Көл”, “Университет”, “Алмазный берег”, “Саамал”, “Ак-Жол” сыяктуу пансионаттарында тажрыйба өтө аласыз.  Бүтүрүүчүлөрдүн дээрлик 90%дан көбү жумуш менен камсыз боло алышат.

№10 кесиптик лицей көп жылдардан бери “Кыргызстан ашпозчулар ассоциациясы”, “Калкты иш менен камсыз кылуу шаардык башкармалыгы” менен өнөктөш болуп келет.

Лицей адистерди даярдоо үчүн  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясын алган. Кесиптик лицейдеги билим берүү бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүү иштешине, эмгек рыногунун талабына жооп берген компетенттүү адистерди даярдоого кепилдик бере алат.

Материалдык база лицензиялык талаптарга жооп берет. Лицейде 8 өндүрүш лабораториясы, китепкана, спортзал, компьютердик класс, кичи-футбол аянты, 30 адистештирилген аудитория бар.

ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ДОКУМЕНТТЕР:

-туулгандыгы тууралуу күбөлүк

же паспорттун көчүрмөсү;

-ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү;

-4 даана 3*4 өлчөмүндөгү сүрөт;

-медициналык справка (086 — у формасы);

-аттестат же толук эмес орто окуу жайын бүткөндүгү тууралуу күбөлүк (оригинал);

-жашаган жеринен үй-бүлөлүк справка;

-аскердик билеттин же күбөлүгүнүн көчүрмөсү.

ТӨМӨНКҮ БАГЫТТАР ОКУТУЛАТ:

5122 “Ашпозчу” — 12 ай

5122 “Ашпозчу” — 10 ай

5141 “Чач тарач-визажист” – 10 ай

7412 “Кондитер-кооздоочу” -10 ай

Кайра даярдоо курстары:

5122 “Улуттук жана чет өлкө ашканаларынын ашпозчусу” – 2 ай

5141 “Чач тарач-визажист”  — 2-5 ай

7412 “Кондитер”- 2 ай

5122 “Ашпозчу” – 2 ай

“Укалоо” – 1,5 ай

“КТИ жумушчуларынын тажрыйбасын жогорулатуу” – 1 ай

 

Биздин дарек:

Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 3.

Телефон : 0(312) 35 28 38, 0(312) 35 28 36, 0(312) 35 28 37, 0(312) 35 26 33

Факс: 35 28 25, Е-mail:  [email protected], www.//pl10.edu.kg

Маршруттук унаалар: 127,18,7,8,269,113,213,204,266,265,159,102

Кирүү сынактары:

Окууга 9- жана 11-классты бүткөн окуучулар кабыл алынат. Сынак тестирлөө жана маектешүү түрүндө өткөрүлөт.

 

ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ КҮНҮ 2018-жылдын 2-июлунан тартып жүрөт.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер