Жашыл мурас — жашоонун булагы
- 13.04.2026
- 0

Мен — Насиридин кызы Акбермет, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Боз-Бешик айылындагы Жайнак Желденбаев атындагы мектептин география мугалимимин.
«Жашыл мурас» — Кыргыз Республикасынын улуттук экологиялык программасы.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-жылы бул улуттук кампанияны Эл аралык туруктуу тоо өнүгүүсүнүн жылынын жана Тоо экосистемаларын, климаттык туруктуулукту коргоо жылынын алкагында жалпы республика боюнча жарыялаган.
2022-жылдын 12-мартында мамлекет башчысы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузуп, программаны расмий ачкан. Ошентип, Кыргызстан жашылдандыруу боюнча ири масштабдагы иш-аракетти баштады.
Президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында биздин мектепте да чоң иш аткарылды. Айыл өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 2 гектар жерге мектеп директору Алакенова Назгүл Орозбаевнанын демилгеси менен «Капитан» жана жергиликтүү сорттогу карагаттын, 600 түп «Кокон гиласынын» жана жаңгактын көчөттөрү отургузулду.
«Бир көчөт — бир өмүр». Бул жасалган иш — мектептин келечекке берген убадасы.

Жашыл мурас — жандуу сабак
Мен география мугалими катары жер, суу, климат жана топурак тууралуу сабак берем. Бирок эң мыкты сабак — китептен тышкары, жаратылышта өтөт. Мектептин 2 гектар жерине дарак отургузулган күн — мен үчүн дал ошондой сабак болду.
Ал күнү мен окуучуларга жөн гана теория айткан жокмун. Алар өздөрү казып, өздөрү отургузушту. Ошол учурда байкабай туруп эле жаратылыштын эң маанилүү сабактарын үйрөнүштү. 2 гектар жерге дарак отургузуу — бул жөн гана акция эмес, чыныгы илимий жана экологиялык иш.
1. Топурак эрозиясынын алдын алуу
Эрозия — жердин эң коркунучтуу душмандарынын бири. Жаан катуу жааганда же шамал катуу соккондо, дарак жок жылаңач жер оңой эле бузулуп кетет. Дарактын тамыры болсо топуракты бекем кармап турган табигый «тор» сыяктуу. Терең тамырлар жерди ичинен бекемдесе, үстүнкү тамырлар жаан суусунун агымын жайлатып, эрозиядан сактайт.
2. Микроклиматты жакшыртуу
Климат дегенде биз көбүнчө глобалдык маселени ойлойбуз. Бирок микроклимат деген түшүнүк да бар — бул кичи аймактагы аба ырайы. Дарак жок жерде жайында жер катуу ысыйт. Ал эми дарактардын көлөкөсүндө температура 3–5°Ске төмөн болот. Бул ысык күндөрдө чоң айырма. Ошондой эле дарактар шамалды тосуп, кышында суукту жумшартат. 10–15 жылдан кийин биздин отургузулган бактар айылдын микроклиматына оң таасир этет.

3. Жер астындагы сууну сактоо
Жылаңач жерде жаан суусу бат агып кетет. Ал эми дарактуу жерде жалбырактар сууну кармап, жай сиңишине жардам берет. Дарактын тамырлары топуракты борпоңдотуп, суунун жерге сиңишин жакшыртат. Натыйжада жер астындагы суу көбөйүп, айлана-чөйрөнүн нымдуулугу сакталат.
4. Кычкылтек өндүрүү — тирүүлүктүн булагы
Бир жетилген дарак жылына орточо 100–120 кг кычкылтек бөлүп чыгарат. Бул эки адамдын бир жыл дем алуусуна жетиштүү. Биз отургузган 700–800 дарак келечекте жылына 70–80 тонна кычкылтек өндүрөт. Бул 1400–1600 адамга жетет. Бул — тирүү математика.
Мен картада 2 гектар жерди белгилесем — бул кичинекей чекит. Бирок жаратылыш үчүн бул чоң салым. Балдар ошол күнү жөн гана көчөт отургузган жок. Алар өз келечегин отургузушту:
- өздөрү дем ала турган абаны,
- өздөрү жей турган мөмөнү,
- өздөрү жашай турган таза чөйрөнү.
Бул — тирүү сабак. Муну эч бир китеп же видео алмаштыра албайт.
Жашыл мурас — муундан муунга калуучу баа жеткис белек.

Насиридин кызы Акбермет,
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Боз-Бешик айылындагы
Жайнак Желденбаев атындагы мектептин география мугалим
Комментарийлер